Бишкек– адам ысымы эмес, ыйык – тоонун аталышы!

(Башталышы өткөн санда)

Бишкек – Пишкухтан тамырланган Ыйык Тоо!

Менин  оюмча,  «Биш-кек» топониминин негизин байыркы кыргыз же перс сөз айкашы – пишкух түзөт. Ал төмөнкү сөздөрдүн комбинациясы болушу ыктымал:

1. Пиш–перс тилинен  ко-торгондо (орус тилинде – перед, передняя часть) кыргызча алды алдыңкы бөлүк деген маани-ни берет. 2. Пиш–байыркы түрк сөзү–башкаруучу, өкүмдар (орус тилинде – повелитель, князь) экендиги да кызыгууну жаратат. Мында деле, улуулук, ыйыктык маани бар да. 3. Пишани – байыркы түрк же перс сөзү–биринчи вариантта–маңдай, чеке (орус тилинде – лоб), экинчиси–бакыт (орус тилинде – счастье). Айта кетчү нерсе, белгилүү тюрколог В.Радлов ушул эле сөздү кара кыргыздарга таандык деп белгилөө менен бешене деген түрүн орусча – прекрасный деп которуп берген. Азыркы кыргызча-орусча сөздүктүн түзүүчүсү К.Юдахин аны бешенелүү – счастливый, приносящий счастье деп которгон экен. Анын тагыраак мааниси кыргыз тилинде бактылуу, кут берүүчү же ыйык дегенди берет. 4. Кух – байыркы түрк же перс сөзү – тоо деп которулат.

Ушуга байланыштуу байыркы түрк же перс сөзү “кух”, кыргыздын «кубарыңдын куу чокусу» деген ылакапта сакталып калгансыйт. Анткени, куу сөзүнүн бир мааниси да адамдын башы, анын чокусу же бийик нерсени, жерди туюнтат эмеспи. Маселен: Куча – Кытайдагы Турфан тоолуу аймагындагы шаар, Алайкуу тоосу, Куувакы ашуусу деген Кыргызстандагы аталыштар да муну ырастайт.

Ошентип,  байыркы  түрк  же  перс сөз  айкашы  «пишкух»  кыргыз  тилине пишкек же бишкек (маселен: кек деген бөлүгү кекирейген адам–өзүн өзгөчө бийик сезген киши) деп кирүү менен биринчи учурда мааниси боюнча: алдыңкы, маңдайкы тоо (чоку), же тоонун алдыңкы бөлүгү, бет маңдайы дегенди түшүндүрөт, экинчи  учурда–бактылуу,  ажайып, сүйкүмдүү тоо, же болбосо көбүнчө диний ишенич, мистикалык, символикалык мүнөздөгү–бакыт алып келүүчү, дөөлөт тартуулоочу  ыйык  тоо  деген  түшүнүк берет.

«Байтиктин боз (пас) бөлтөгү» – өзгөчө, кереметтүү тоо!

Бул маңдайкы, бакыт алып келүүчү ыйык тоо болуп азыркы Бишкек шаарыбыздын түштүк чет жагында жайгашкан баарыбызга белгилүү «Байтиктин боз (пас) бөлтөгү» деп аталган тоо эсептелиши да толук мүмкүн. Себеби, ал чындыгында эле алыстагы бийик тоолор кыркасынан жана оң жактагы тоо кырканын алды жагына өзгөчө бөлүнүп жайгашкан, б.а. бийик тоолордун негизги массасынан алдыга чыгып турат.

Калмак тилинде “боз” – орусча – “серый”, кыргызчада–“ак боз ат”, “ боз үй”, “боз торгой” деген аталыш сүйлөмдөр бар – маңызы ыйыктыкты билдирет да . Калмакча “болдг”, монголчо – “болдог”, – орусчага которгондо–“холм, бугор”, кыргызчада – төбө же тоо. Жалпылаганда боз төбө (серый холм). Бул сөздүктөрдөгү маалыматтар да “Байтиктин боз (пас) бөлтөк тоосу” чыны менен өзгөчө тоо экендигинен кабар бергенсийт. Муну жогоруда келтирилген россиялык тарыхчы кытай таануучусуЛ.Боровкованын бул тоонун ойдуңундагы “Миң булак” жөнүндөүгү маалыматтары да ырастайт.

XIX кылымдын ортосунда ушул аймакта “Пиш тюбе” деген айыл жайгашканын өзбекстандык тарыхчы, профессор Хайдарбек Бабабеков белгилегени да өтө кызыктуу. Бул балким, жакын арада эле кыргыздардын арасында пайда болгон Бишкектин түштүгүндөгү “Таш дөбө” айылы, жогорудагы сөздүн өзгөртүлүп айтылышы сыяктанат. Анткени бул аймакта, үйүлгөн таштан пайда болгон дөбө деги эле жок экен. Биринчисинин мааниси да “Ыйык дөбө” же баягы эле Ыйык тоо.

“Джуль” – чөлбү, же “Жолбу”?

X кылымга таандык араб чиновни-ги Абдул Фарадж Кудами ибн Жафардын маалыматында, Чүй өрөөнүндөгү он чакты ар кандай айылдардын (шаарлардын) арасында “Джуль” деген чоң айыл бар экендиги эскертилет. Тарыхчылар Василий Бартольд, Александр Бернштам, Петр Кожемяко, Владимир Галицкий жана Валентина Горячеванын пикирлеринде, бул айыл азыркы Бишкектин аймагында жайгашкан. Аталган окумуштуулар “Джуль”-дун мааниси кыргыз же түрк сөзү “чөл” деп такташып – орусчасы “степь” дейт экен. Менин пикиримде, бул ой жүйөөсүз сыяктанат, анткени ал жакта чөл–суусуз, кургактык баскан жер жок экени белгилүү. Тагыраагы  «Жол»  болгонсуйт,  сыягы, Улуу  Жибек  жолундагы  шаар  дегенди туюнтат.

Мындай ой жүгүртүүбүзгө төмөндөгү маалымат түрткү берет. VIII кылымга таандык байыркы тибет булагында, Тибет мамлекетинин коңшулары болгон “сегиз түндүк жерлердин (мамлекеттердин)” арасында борбору “Шу балык” аталыштагы чепте “Жол теңриге” сыйынган түрктөр жашашат делинген. Балык – эски түрк же уйгур тилинде (балчыктан жасалган, чамгырдан же чоподон курулган) шаар деген маанини берет. Менин баамымда, Шу–Чу же Ча, бул Ала-Тоодон (Ала-Арча капчыгайынан) ылдый түндүккө карай аккан “Ала-Арча” суусу, байыркы түрктөр ча деп сууну атаганы белгилүү. Бул суунун (гидронимдин) мааниси да менимче – алабула болгон, же ак-ала дарак эмес – ыйык суу. Бул суунун дагы бир аталышы – “Ала Мүдүн” – “мүдүн” монголчо дайра, суу экени муну ырастайт. Балким тибеттик чиновник Чу же Чаны өз тилине багындырып жазган чыгар. Окумуштуу Сергей Кляшторныйдын пикиринде, “Жол теңири” түрктөрдүн экинчи даражадагы “Көк Теңири” деген сыйынуучу Кудайы болгон жана ошол эле тибеттик булактарда, аны “кара атчан жолдордун кудайы” делгенин маалымдаган. Башкача айтканда, соодагерлердин колдоочусу катары эсептелинген. Орто кылымдагы кытай жана араб булактарында Чүй өрөөнүндөгу шаарларга чет жерлик көп соодагерлер кербендери менен келишип, соода-сатыктарды жүгүзүшкөндүктөрү жөнүндө маалыматтар айтылат.

Ал азыркы Бишкек шаарынын аймагындагы «Жал» кичи айылынын атында  сакталгансыйт.  Кебетеси,  аталган шаардын ал кездеги жашоочулары шаарга жакын турган кийин “Байтиктин боз бөлтөгү” аталган тоонун үстүндө, ар кандай коомдук иш-чараларды өткөрүшүп, Кудайга сыйынышып, кутту, бакыт алып келүүчү ыйык тоо катары эсептешкен сыяктуу.

Орто кылымдан бери эле Чүйдө Кудай жашаган ыйык тоо бар делиптир

Жогоруда келтирилген VII кылым-да Чүй өрөөнүндө болуп кеткен кытай саякатчысы Сюань-Цзандын чыгармасындагы, азыркы “Байтиктин боз бөлтөгүнүн” жанындагы “Цяньцюань” – Миң булак жөнүндөгү маалыматты ырастаган кошумча даректер да бар. Алсак, X  кылымда  жазылган  кытайдын  “Тан динас тиясынын тарыхы” деген эмгекте, Чүй өрөөнүндө жашаган, “онок элинин (Батыш түрктөрдүн – Д.С.) каганы Суяб (болжолдуу – азыркы Токмок ш.) шаарынын батышындагы “Цзяньдан” аталыштагы тоодо, адатынча улуктарды жана аскер жетекчилерин дайындайт”, делет. Мындан кийин, анда, ошол эле аймакта, «Цянь-цюань” – Миң булак (орусча котормодо: Тысячи ручей) бар, “түрк каганы ысык аптаптан сактаныш үчүн, жыл сайын келип эс алат. Бул жерде колго үйрөтүлгөн, моюндарында коңгуроолор менен шакекчелер илинген бугулар (орусча: олень) жашашат” делген.

IX кылымдагы араб диний ишмери, тарыхчы Ат-Табаринин кабарында Навикаттын (азыркы Бишкектин чыгышында 30 км. Аралыкта жайгашкан орто кылымдагы шаар) жанында хакандын ээлигинде-ги тоо жана жайыттар жайгашкан, булар өкүмдардын коругунда, анткени жоокердик жүрүш учурунда аны камсыз кылмак үчүн сакталууда. Дагы бир жеринде ал ыйык тоо деп берилген жана ага карай жаанын жебелери атылары белгиленген. Ал эми XI кылымда жашаган газналык географ Абусеид Гардизинин жана X кылымда жазылган белгисиз араб автордун “Худуд – ал Алам” (Ааламдын чектери) чыгармасындагы маалыматтар боюнча: “Чүй өрөөнүндө Узун-Агачтын жанында түрктөр ант алуучу тоо жайгашкан, алар анда Кудай жашайт деген ишеничте”. Жогорудагы маалыматтардан көрүнгөндөй, орто кылымдан бери эле Чүй аймагында ыйык тоо бар болгондугуна ынанабыз.

Ушундан улам, пишкух–бакыт же ый-ык тоосу деген түшүнүк түрк, анын ичинде кыргыз жана өзбек тилдерине кирген топонимдин маанисин тагыраак чагылдырат деп ойлоймун. Буга дагы бир далил – ал Өзбекстандын чегиндеги Кендир-Тау тоосунун жанында, ХIX кылымдын башталышына таандык орус тарыхый булактын маалыматы боюнча, Пишкент (азыркы учурдагы жазылышы – Пскент) аттуу шаар, жанында Пишкем (Пскем) суусу агып тургандыгы. Биз билгендей, кем– байыркы түрк (кыргыз) тилинде суу, дайра, (мисалы: Улуукем, Кичи-Кемин, Чоң-Кемин ж.б.), ал эми кент–шаар, дегенди түшүндүрөт. Андыктан, жогорудагы аталыштарды маңдайкы шаар жана маңдайкы суу деп которуунун кажети жок, туура (логикалык) ой жүгүртүү анын  маанисин  бактылуу  же ыйык деген түшүнүккө көбүрөөк жакындатып турат, демек, анын бакыт  алып  келүүчү  ыйык шаарды жана бакыт (ыйык) суу же дарыя дегенди билдирээрин далилдейт.

Бешбалык эмес, Пишбалык же беш эмес – пиш, ал ыйыктыкты туюнтат!

Орто  кылымдардагы уйгурлардын  мамлекетинин борбору Чыгыш Тур-кестандагы Караходжонун жа-нында «Бишбалык» (кытайчасы – Бейчин, Бейджин) аталышта дагы бир шаар болгондугун илимпоздор жакшы билишет. Айтмакчы, XV кылымда жазылган Абд ар-Разак Самаркандинин “Матла ас – Садаин” деген эмгегинде, Пишпалыктык сулуу кыздардын эмир Темирге тартууланганы айтылат экен. Мындан биз, бул шаардын башталышындагы аталышы Пишбалык экендигине ынанабыз. Жөн жерден аны башкача Ордобалык (борбор шаар) дешкен эмес чыгар. Көпчүлүк тарыхчылар ушул шаардын  аталышын  көбүн  эсе  Бешбалык (Пятиградие) деп жазышат, бирок, беш шаар бир өрөөндө негизделип кийин кошулуп кетиши күмөндүү экенин, россиялык  кытайтаануучучу  А.Малявкин белгилейт, ал аны мамлекеттин негизги (главный) шаары деген япон окумуштуусу Т.Абени колдойт. Демек, ушул шаардын аталышынын мааниси да менимче бакыт же ыйык шаар дегенди билдирет. Төмөндөгү маалыматтар да муну ачыктайт. Ферганада XIX кылымда өзбектердин миң уруу бирикмесине тиешелүү «Бишкапа» (менимче котормосу: пиш–ыйык, капа түркчө–дарбаза) жана «Бишкапа-куи» (көй – түркчө – айыл, демек ыйык дарбазалуу айыл) аталыштагы айылдар болгон экен.

Ал эми Кыргызстандын аймагында бизге азырынча белгилүүлөр: Ала-Букада жана Таласта–“Беш-Таш» (айтмакчы, XIX кылымдагы булактарда Кетмен-Төбө менен Таласты бөлүп турган тоо бөксөсүнүн Биш-Таш деп жазылышы жолугат экен, ал эми ошол эле тоо ашууну жергиликтүү калк Ак (Ыйык) – Таш дегени өтө кызыктуу), Базаркоргондо – «Беш-Бадам», Лейлекте – «Беш-Кенд», Сузакта – «Беш-Бала», Өзгөндө жана Жумгалда – «Беш-Терек» айылдарынын аталышынын мааниси да сан өлчөмүн билгизбестен, (пиш) ыйык деген түшүнүккө жакындашат, анткени бул жерлерде көбүн эсе мазарлар жайгашканы белгилүү. Ал эми Чүйдөгү «Байтиктин боз (бас) бөлтөгү» тоосунун түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан «Беш Күнгөй» айылынын аталышын – беш күнгөй деп которуу–маңызсыз  экени  талашсыз.  Бул топоним деле бурмаланган үч сөздөн куралган өңдөнөт. Беш – пиш – ыйык, күн – кух–кек – тоо, гөй – көй – айыл. Мааниси – ыйык тоонун жанындагы айыл же ыйык күнөстүү айыл).

Ирандын  Луристан  деген  аймагында «Пишкух» аталыштагы тоо азыр да бар экендиги өтө кызыктуу. Ал эми Түркменстанда дагы бир тоонун аталышы “Пиштаг”– мунун котормосу да бакыт тоосу.

(Уландысы бар)

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, профессор

One thought on “Бишкек– адам ысымы эмес, ыйык – тоонун аталышы!

Комментарии закрыты.