Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

22-август күнү саат 09:49 чамасында Алай районунда эпицентринде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бул райондун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.