Чүйдө кайыр сурап жүргөн 49 өспүрүм аныкталды

Чүй ОИИББи өткөн жума ичинде «Кайырчы» рейдин өткөрүп, Чүй облусунда 49 бала кайыр сурап жан багары аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Кайырчы» рейдине 360 милиция кызматкери жана башка укук коргоо органдарынын 61 өкүлү тартылган. Рейд базарда, унаа жана темир жол бекеттеринде, компьютердик клубдарда, жер төлөлөрдө болгон.

Жашы жете элек 40 баланын тагдыры ар кандай. Алар кароосуз калган, оор турмушта жашаган, үйү болсо да кайыр сураган, үй-бүлөсү жетишсиз болгон өспүрүмдөр. Ал эми мындан тышкары 9 өспүрүм кайыр сурап жүргөн жеринен кармалышкан. Бул балдардын бирөөсү социалдык борборго жайгаштырылып, бешөө каттоого алынды.

Ал эми үчөө ИИМдин эреже бузган балдарды тарбиялоо борборуна жөнөтүлгөн. Ошондой эле рейдде дайынсыз жоголду деген бир бала табылып, административдик протоколдор толтурулуп, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка органдарга жүздөй билдирүү жөнөтүлдү.