Азиада-2018: Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов мелдештин жарым финалына өттү.

77 килограмм салмакта күч сынашкан Акжол Махмудов чейрек финалда өзбекстандык Билан Налгиев беттешип, 6:4 эсеби менен жеңишке жетти. Натыйжада Акжол Махмудов мелдештин жарым финалына чыкты.

Аталган оюндарда Кыргыз спортчуларынын байге куржунунда 6 медаль бар – үч “күмүш” жана үч “коло”. Магомед Мусаев күмүш, Айсулуу Тыныбекова (күмүш), Мээрим Жуманазарова (коло), Айпери Медет кызы (коло), Каныбек Жолчубеков (күмүш) жана Амантур Исмаилов (коло) байгеге ээ болушту.