Азиада-2018: Акжол Махмудов алтын медаль үчүн күч сынашат

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов мелдештин финалына чыкты.

77 килограмм салмакта күч сынашкан Акжол Махмудов жарым финалдык беттеште түркмөнстандык Шермет Перманов менен күч сынашып, 8 упай топтогон Акжол Махмудов атаандашын мөөнөттөн мурда утуп алды. Натыйжада Акжол Махмудов мелдештин финалына чыгып, алтын медаль үчүн күч сынашат.

Ушул эле  грек-рим күрөшү боюнча 87 килограммга чейинки салмак ченинде Самат Шырдаков чейрек финалдык беттеште өзбекстандык Рустам Ассакаловго 0:9 эсебинде жеңилип калды. Эгерде Өзбек балбаны жарым финалда жеңишке жетип, финалга өтө алса, Самат Шырдаков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат. 

Ал эми 130 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Мурат Рамонов чейрек финалда ирандык Бехнам Махдизадеге  3:10 эсеби менен жеңилип калды. 

Аталган оюндарда Кыргыз спортчуларынын байге куржунунда 6 медаль бар – үч “күмүш” жана үч “коло”. Магомед Мусаев күмүш, Айсулуу Тыныбекова (күмүш), Мээрим Жуманазарова (коло), Айпери Медет кызы (коло), Каныбек Жолчубеков (күмүш) жана Амантур Исмаилов (коло) байгеге ээ болушту.