Окуучунун өлүмүнө анын теңтушу шектелүүдө

Чүйдүн Аламүдүн районунда бычакталган окуучунун өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Асылбек Токтомушев билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран маркум бала менен теңтуш, ал да Аламүдүн районунун тургуну.

— Ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Ошонун натыйжасында айрым күбөлөр маркум бала акыркы күндөрү өзү менен тең чамалаш бала менен чогуу жүргөн деген көрсөтмө беришкен. Ошол көрсөтмөлөрдүн негизинде шектүү катары кармалды. Бүгүнкү күндө Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Ал азыр сурак берүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат, — деди Асылбек Токтомушев.

Окуя өткөн аптанын соңунда болгон. Лебединовка айылынын тургуну, 8-класста окуган бала 17 жеринен бычакталып, ооруканага жетпей көз жумган.