Көчмөндөр оюндарына төрт мамлекеттин президенттери келет

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын Премьер-министри катышаарын тастыкташты.

Чакыруу бир катар мамлекет башчыларга жана түрдүү уюмдардын жетекчилерине жиберилген.

Эскерте кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар 2 – 8 сентябрында өтөт. Анда спорттун 37 түрү баюнча 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат. Оюндардын байге фонду 26 млн. сомдон ашуун.