Азиада-2018: Иззат Артыков Азия оюндарында коло утту

Оор атлетчи Иззат Артыков учурда Индонезида өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында коло медаль утту.

Кыргызстандык спортчу 69 кг чейинки салмактык категорияда беттешип, жалпысынан 330 кг салмакты көтөрдү.

Биринчи орунда Түндүк Кореялык спортчу О Канг Чол (О Kang Chol) – 336 кг, «күмүштү» Өзбекстандын спортчусу Достон Якубов – 331 кг алган.