Азиада-2018: Акжол Махмудов күмүш байге утту

Грек-рим стилиндеги мушкер Акжол Махмудов (77 кг чейин) Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду.

Финалдык беттеш 3:7 эсеби менен аяктады.

Жалпысынан Кыргызстандын байге куржунунда 9 медаль бар: төрт күмүш, беш коло.

Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков күмүш медаль утушту.

Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, Амантур Исмаилов, Узур Жусупбеков менен оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынышты.