Араванда мечит өрттөнүп, эки адам каза болду

 

23-августта Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан жерге 2 өрт өчүрүүчү унаа саат 07:15те барып, саат 07:50дө чектөөгө алынган. Учурда өрттөн каза тапкандардын аты-жөнү аныкталды. Алар 1982-жылы туулган О.Г. аттуу аял киши жана 2008-жылы туулган Р.Д. аттуу бала болгон.

Каза болгон жарандардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.