Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 миллион сомдон ашык акча которулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсебине акча которду. ЭКККМК бул жолу 7 миллион 410 миң 505 сом өлчөмүндөгү сумманы которгон. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү кабарлады.

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон. Эсеп ачылгандан бери ЭКККМК жалпысынан150 миллион 787 миң 732 сом которгон.