Соңку тарыхтын барагы ачылганда…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


1991-жылдын августу алдыбыз карт,  артыбыз  жаш  акындар  Жолдошбек  Зарлыкбеков,  Тургунбек Аккүчүков, Таалайбек Шаршеналиев, Мадина Тураева ж.б. баштаган бир топторубуз үчүн залкар акындар Сүйүнбай Эралиев, Түмөнбай Байзаковдой улуу устаттардын кеп-кеңешин угуп, чыгармачылык менен узанып, ырларыбызды талкууга коюп, ыр майрамына айланган күндөр эле. Аламүдүн районундагы “Арашан” жазуучулар үйүндө эч нерседен бейкапар жатканбыз. Ал убакта жазсак ырга, ырдасак обонго тойбогон кырчын талдай убагыбыз. Анан калса, Түмөнбай Байзаков-дун жүргөн жери күлкү менен шаң эмес беле. Басса-отурса, оозунан аскиялары түшпөйт же бир түгөнсөчү. Ошол күндөрү “Арашан” жазуучулар үйүндө сынчылар Салижан Жигитов менен Санарбек Карымшаков да жүрүп калышты.  С.Жигитовдун  да  сөзгө,  кепке келгенде, жигиттик касиети болсо да, ал деле анда-санда бир тамаша ыргыткан менен Т.Байзаковдун оозун тиктейт. Калп айтпасам, айтылуу сынчынын “Даңазалуу тойлор, жаназалуу ойлор” аттуу публицистикалык макаласы ошол күндөрдө жазылган. Дегеним, кирип-чыгып той-аштар тууралуу макала жазганын айтып, чыгармачылык менен узангандын ордуна, көп убактысы той-аштарга барууга калем акы табуу үчүн кирди-чыкты макала жазганга кетип жатканын айтып кейигени али күнгө чейин эсимде турат.

Кыскасы,  биз,  андагы  жаш  акындар үчүн  ыр  майрамына  айланган  күндөрдүн биринде, же кечте бекен, же эртең мененби, Салижан  Жигитов  этек-жеңин  чапкылап, “суук кабарды” Горбачев кайда экени белгисиз экенин, бийликти башкалар басып алганын учу-кыйры көрүнбөгөн советтер өлкөсүндө мамлекеттик төңкөрүш – ГКЧП болгонун кабарлап калды. Акын .Аккүчүковдун ИИМдин спецназында кызмат кылган иниси агасы менен учурашканы келип, ошол күндөрү “Арашанда” болчу. ГКЧПны укканда, ал дароо коштошуп, кызматына жөнөдү. Этек-жеңин чапкылап, анын артынан С.Жигитов да кетти. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кан кечип келишкен С.Эралиев менен Т.Байзаков бир кебелип коюшкан жок. Жаш акындарды чогултуп, ырларын окутуп, кеп-кеңешин беришип, Түкөбүз болсо, биз чогула калганда, аскияларынан айтып, бизди күлкү-шаңга бөлөгөнүн уланта берди. Биз, жаштар бери карап күлгөнүбүз менен, нары карап өлкөдө не болуп кеткенине акылыбыз жетпей, бир жаңылык укканы телевизорду тиктеген болобуз. Же анда жарытылуу бир жаңылык болсочу.

Аңгыча, “Арашандагы” устат-шакирт чыгармачылык он күндүгү да аяктап, шаарга кайттык. Анда “Кыргыз маданияты” гезитинде иштечүмүн. Биздин гезиттин жамааты ГКЧПны айыптап жазып чыкты. Ошол кездеги  Кыргызстандын  демократиялык күчтөрүнүн лидерлеринин бири жазуучу Казат Акматов болгондуктан, биздин редакция менен 90-жылдардагы демократтар жылуу мамиледе элек, алардын 23-августтагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча кайрылуусун да гезитке биз биринчилерден болуп бассак керек эле.

Жаңылбасам, 1991-жылдын 29-августунда “Кыргыз Туусу” гезитине “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкуловдун Жогорку Кеңештин 6-кезексиз сессиясын 31-августта чакыруу тууралуу токтому жарыяланган жана ал сессияда Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынган. Мына ушул күндөн тартып, “Кыргыз Туусу” өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн чыныгы жарчысына айланды.

Азыркы  жаштарга  айтсаң,  жомоктой көрүшөт, Жогорку Кеңештин ошол чакырылышы “легендарлуу парламент” аталган менен, алардын арасында Москваны кылчактап караган, өз көлөкөсүнөн корккон, Кыргызстандын эртеңки келечегине, өз алдынча мамлекет катары жашап кетерине ишенбеген депутаттар да көп эле. Алардын көбү коммунисттер, андан да тагыраагы колхоздун башкармалары менен совхоздун директору, завод-фабрикалардын директорлору болчу.

Калп айтпасам, Ак үйдүн жака-белине палаткалар тигилип, эски аянтта эл чогулган митингдер өтүп жатып, сыртта турган элдин сүрүнөн чочулаган “легендарлуу парламенттин” депутаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өз алдынчалыгын таанууга аргасыз болушкан.

Ошентип, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагы ачылды. Дүйнөнүн саясый картасында жаңы мамлекет, эгемендүү Кыргыз Республикасы пайда болду. Бул чындыгында да бурулуш окуя болду. Анткени, эгемендик кыргыз элинин көп кылымдардан бери эңсеп келаткан тилеги болчу. Биз ошол тилегибизге жетиштик. Өлкө жана анын калкы көз карандысыздыкка, эгемендүүлүккө эч кандай кан төгүүсүз, тагдырдын бир ырайымы менен жеткендей болгон менен, андан берки 27 жыл аралыгында Кыргызстан оор жана татаал жолду басып өттү. 27 жыл аралыгында бардык кыйынчылыктарга  карабай,  мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдей алдык. Кыргызстан эгемендүү, демократиялуу өлкө катары алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен эки жана көп тараптуу дипломатиялык байланыштарды түздү. Көптөгөн эл аралык уюмдарга татыктуу мүчө болууга жетишти.

Эгемендүүлүк биздин баа жеткис, куну жок байлыгыбыз. Анын кадырына жетип, коргоп калуу ар бирибиздин атуулдук милдетибиз.