Бажыны айланып өтөм деп башыңды оорутпа

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Бажы кызматы кирген-чыкканды эсепке алып, мамлекеттин босогосунда турган маанилүү кызмат. Өлкө бюджетин толтуруудагы орду да ошончолук олуттуу. Соңку мезгилде Бажы кызматы катуу иштеп жатканы байкалат. Же бажы кызматынын басма сөз кызматы катуу иштеп атабы, айтор “Кыргыз Туусу” гезитине эки күндүн биринде эле аны кармадык, муну байладык деген маалыматтар мөндүрдөй жаап кетти. Четинен берип турбасак, үйүлүп баратат. Айта кетүүчү нерсе бардык эле мамлекеттик органдардын, министрликтердин, ведомстволордун басма сөз кызматы өздөрүнүн мекемелеринин күндөлүк иштерин чагылдырууда “кыйратып” иштеп жатышат деп айта албайбыз. Ал эми маалымат беребиз десе “Кыргыз Туусунун” эшиги ачык. Буга байланыштуу “Мамлекеттик органдар маалымдайт” деген атайы рубрика ачып, мамлекеттик органдардын басма сөз катчыларын кызматташууга чакырабыз.

Аткезчилик аймак тандабайт

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Нарын облусунун аймагында Түштүк-Ыкчам бажынын кызматкерлери эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок, жалпы салмагы 8200 килограммды түзгөн, мурда колдонулган авто унаа тетиктери жүктөлгөн автотранспорт каражатын кармашты. Кармалган товардын жалпы баасы 665 900,49 сомду түзөт. Бул товар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз алынып өткөн. Аталган факт боюнча материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Нарын облусу боюнча Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Эшик-терезени эптеп өткөрүп кетебиз дешип…

Ош облусунда Ыкчам бажынын кызматкерлери товар коштоп жүрүүчү документтери жок жыгач эшик терезелер жүктөлгөн авто унаа каражатын кармашкан. Кармалган товардын жалпы салмагы 1750 кг, наркы 155 000 сомду түзөт. Бул товар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз алынып өткөн. Бул факт боюнча материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош обулустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Брусчатка деле буюм

Ош  облусунун  аймагында  Ыкчам бажынын кызматкерлери эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок 2379  даана  брусчатка  куюу  үчүн  калыптар жүктөлгөн автотранспорт каражатын  кармашкан.  Кармалган  товардын орточо базар баасы 112 108,5 сомду түзөт. Бул товар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз алынып өткөн. Бул факт боюнча материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.