Экс-президенттин демилгеси – элге пайдалуу

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун» саны быйыл өлкө боюнча 102ге жетти жана жайлоо бакчаларында үч жаштан он үч жашка чейинки балдар мастер класстардан өтүшөт. Ар бир күн үчүн атайын даярдалган программалар колдонулуп, балдар үч айдын ичинде мектептен алган билимин бекемдөө менен бирге эле, жаңы окуу жылына даярдык көрүшөт, эс алышат, айрым учурда жөндөм-шыктарынын жаңы кырлары ачылат. Мына ошондой иш-чаралардын арасындагы үч жылдан бери ишке ашып келе жаткан ар кайсы аймактардагы тарбиячылардын конок мугалим катары орун алмашуу менен тажрыйба алмашып, тарыхый баалуулуктар менен таанышып кайтуусу жемиштүү болууда”, — дейт долбоордун ассистенти Данияр Сүйүндүк уулу. Айтымында, быйылкы каникул маалында он үч тарбиячы “конок мугалим” катары жер которуп иштеп келишти. Биз ошол конок мугалимдердин айрымдары менен пикир алыштык.

Бурулкан МОЛДАЛИЕВА, Панфилов районундагы «Алты бакан» балдар бакчасынын башчысы:

– Панфилов районуна караштуу “Жайлоодогу бала бакча” Бишкек-Ош жолунун боюнда, Суусамыр жайлоосунда жайгашкан. Биздин тарбиячылар былтыртан  баштап,  “Конок мугалим” долбооруна катышып, Ош жана Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл аймактарына барып иштеп келишүүдө. Бул долбоордун үзүрү балдар үчүн эле  эмес,  тарбиячылар үчүн да канчалык үзүрлүү, таасирдүү экенин сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Мага абдан жакты, алты күн ичинде кесиптик эле эмес, тек гана жаран катары да кыйла өсүшкө ээ болдум.

Аксана МОЛДАЛИЕВА, Бишкектеги “Креатив-таалим” жеке менчик мектеп комплексинин тарбиячысы:

– Бул долбоор менен 2017-жылдан  бери  кызматташып, өз ыктыярым менен  жайлоолорго  барып иштешип келем. Быйыл да Кара-Кулжа районунда жайлоодогу бөбөктөргө салттуу билимдер боюнча, мисалы, койдун жүнүнөн шуру жасоо, телефон сал-гыч  сыяктуу  буюмдарды жасоо мастер-класс өтүп келдим. “Ата-эне менен ба-ланын ортосундагы сүйүүнү бири-бирине кантип билдирсе болот?” деген оюн сабак өттүк. Деги эле бул жайлоо өнүгүү долбоору ата-энелер, балдар үчүн абдан пайдалуу. Анткени ата-энелердин көбү мекендин сыртында жүрүшкөндүктөн, балдардын көбү туугандарынын, чоң ата, чоң апаларынын колунда. Айрым ата-энелердин тиричиликтен колу бошобойт дегендей. Ошентип, балдарга көп учурда атайын көңүл бурулбай калат. Мына ушул жагдайдан алып караганда, жайлоодогу бала бакчалардын ролу абдан чоң.

Каролина ШАЙЛООБЕКОВА, студент, болочок дарыгер, спортчу:

– Мен балдарды “ушу” менен машыктырып жүрдүм. Адегенде балдар менен улуттук оюндарды ойноп, улуттук бийлерди бийлеп баштадык. Андан кийин акырындап спорт менен машыгууга өттүк. Спорт менен машыгуу, айрыкча, эркек балдар үчүн абдан кызыктуу болду. Каникул бүтүп, долбоор жыйынтыкталып жатканына кичине капа болуп калышты. Буюрса, кийинки жылы дагы жолугушабыз деген жакшы тилек менен тарадык.

Калиман ШАРШЕКЕЕВА, Жумгал районундагы “Лама” бала бакчасынын директору:

–  Бул  иш-чара  мен үчүн абдан кызыктуу жана таасирдүү болду. Кичи Кең-Кол жайлоосундагы жана Кара-Булак эс алуу жайын-дагы Өнүгүү борборлорунун иши менен таанышып, балдар үчүн мастер класс өткөрүп,  ата-энелердин чыгармачылыгына  күбө болдук. Ал эми №42 «Нурайым» бала бакчасынын балдары бакча ачылганына эки гана ай болгондугуна карабастан, бардыгы дилгирленип, сабактардын темаларын жакшы өздөштүрүп алышкандыгын табият таануу сабагынан көрдүк. Музыка сабагында балдар менен бирге ырдап, балдардын күлкүсү жаңырып турду.

Айым АЙДАРОВА, Нарын районунун Эмгекчил айылынын «Эмгекчил келечеги» бала бакчасынын тарбиячысы:

– Биздин бала бакча 2011-жылдан тартып Жайлоо бала бакчасын уюштуруп, эки жерге Жайлоодогу өнүктүрүү борборун ачып иштеп келе жатабыз. Үч-Чат деп аталып Үч-Чат өрөөнүндө июнь айында, ал эми июль айында Көк-Торпок  жайлоосундагы Көшөгө аймагында болобуз. Экинчи Өнүгүү бор-борубуз Кара-Бук участогундагы эс алуу жайында жайгашат. Мен “Конок мугалим-2018” иш-чарасына катышып, көптөгөн ыкмаларды үйрөндүм, мастер класстарды өткөрүм, кесиптештерим менен баарлаштым. Түштүк жергесиндеги Өнүгүү борборлору абдан жогорку уюшкандыкта иш жүргүзүп жаткандыгы, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун дем-күч бергендигинде экендигин көрө алдым. Ажике жайлоосундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тегерек-Саз айылынын Борош Шатиев атындагы бала бакчанын жетекчиси Кулмурзаева Уулкан эки жерге Өнүгүү борборун ачып ийгиликтүү иштеп жатыптыр. Негизинен бул айыл өкмөтү жергиликтүү айыл аксакалдары, активисттер жана ата-энелер менен биргеликте беш Өнүгүү борборун ачып, иш алып баргандыгы таасирлентти. Фонд тарабынан берилген оюнчуктар, китептер үчүн балдар, ата-энелер, тарбиячылар кубанычта экенин көрдүк. Балдар билимге суусап туранына кубандам. Мен үчүн тажрыйба алмашуу абдан пайдалуу болду.

Дилбар АПЫШЕВА, Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында Роза Өмүракунова атын-дагы бала бакчанын жетекчиси:

–  Мен  2011-жылдан  тартып  Жайлоодогу  өнүктүрүү  борборун Ага Хан фондусунун колдоосу  менен  Эки-Оттук капчыгайында  уюштур-ганбыз, ал тургай окутуу программасы да колубузда жок эле. Ал мезгилден бери  “Роза  Отунбаева-нын демилгеси”фондунун көптөгөн  окутууларына, тренингдерине катышып, методикалар, көрсөтмө ку-ралдар, китептер, оюнчуктар менен камсыз болдук. Мен бул тажрыйба алмашуу сапарында түштүк аймактагы кесиптештеримдин иштеринен таасирленип, жергиликтүү жамаат менен бирге мындан да көбүрөөк аракеттенип, бала бакчамды гүл бакчага айландырам деген тыянак чыгардым.

Гулнур АБЫКЕЕВА, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Балдар билим борборунун директору:

–  Бул  бизге  абдан таасирдүү  болду.  Алгач Базар-Коргон  районун-дагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагына  караштуу  Кичи Кең-Кол жайлоосундагы «Наристе» борборунун иши менен таанышып, ал жердеги  ата-энелер  менен «Баланын өсүшү үчүн минералдар,  жемиштер» деген темада маек куруп, бөбөктөр үчүн мастер класс өткөрдүм  жана  балдар-га кичинекей белектерди тапшырдым. Ошондой эле, энелерден курут жасоо ыкмалары, түрлөрү, ийлөөнүн техникасы менен тааныштым.

Андан соң, Ноокен районундагы Сакалды айыл аймагына караштуу Кызыл Кыргызстан йылындагы №42 «Ну-райым» балдар бакчасында болуп, балдардын өнөрүнө күбө болдук жана табият таануу сабагына катыштык. Бул бала бакчанын жаңы типтеги имараты 1-июнда пайдаланууга берилгендигине карабастан, жашылдандырылып, гүл бакча болгонгондугу менен кубандырды. Бул бала бакча Курманжан Мурашованын демилгеси менен 80 түтүн жашаган, буга чейин мектеби да, бала бакчасы да болбогон Кызыл-Кыштак айылында, суунун жээгинде, боз үйдө ачылган. Айыл өкмөтү жергиликтүү активисттер, аялдар кеңеши, ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, ишкерлер менен бирдикте жергиликтүү калкты мобилизациялап, 52 бала менен 12-июлдан тартып иштеп жатышыптыр. Андан сырткары, Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагындагы Ажике жайлоосундагы 4 жайлоо бала бакчасынын ата-энелери, балдары менен тааныштык. Балдар үчүн долбоордун облус боюнча координатору Шербаева Жыпара болуп шар менен сүрөт тартуу, кагазга беттештирип сүрөт тартуу, ой жүгүртүү боюнча мастер класс өткөрдүк. Ал эми ата-энелер үчүн борбордун жетекчиси Кулмурзаева Аида «Кенже курактан балдардын өнүгүшү» темасында лекция окуп берди.