Чындык ачуу, бирок, ал – чындык

Адам психологиясы табиятынан ушундай турбайбы. Тарыхта калктын кашында эч ким чындыкты көрсөтүп, бетке айткандан ийгиликке жетишкен эмес. Бирок, андайлар коомдо чындыктын орношун самагандар жана аны эртерээк орнотууну каалаган, табиятынан патриот болуп жаралгандар. Албетте, алар заманынын курмандыктары болушкан. Азыркы шартта дагы бул кайталанып жатпайбы. Андай мисалдар Кыргызстанда, дүйнөлүк деңгээлде да өтө көп кездешчү көрүнүш.

Бирок, ал “бечаралар” коомдук аң-сезимдин өнүгүүсүнө, мезгилден озуп, замандын өзгөрүшүнө эбегейсиз чоң салымын кошушту, заман чындыгына карай кадам ташташты. Албетте, алар демократиянын, революция, реформалардын, өнүгүүнүн жарчылары, карлыгачтары болуп тарыхта калышты. Мындай караганда: коомду алдыга жылдыруу үчүн алар жан үрөп, кара жанын карч ургандар. Ал инсандарга: эстелик тургузуу менен эле чектелбестен, эскерүүлөр, илимий окуулар болуп турса, жаштардын ой-сезимин козгоп патриоттук руху көтөрүлөт беле. Анткени, чыныгы патриотизм даңкталышка акылуу.

Бир жактуу караганда бетке айтуу чыны акыл-эстүүлүктүр, ошол эле учурда ал маданиятсыздыкпы? — деп да ойлойм. Чындыкты ортого от жакпай, эки тарапка тең тынчтык алып келе тургандай, ийкемдүү айтып, пайдаланышыбыз ылайык турбайбы. Чындыкка аяр мамиле жасабасак, от алып кеткенин канча жолу байкадык. Андай от алуулар Кыргызстандын тарыхында бир топ жолу болду. Адамдар да курман болушту.

Туура, бирөөгө акыл айтуу оңой. Жол көрсөтүү баарыбыздын колубуздан келет. Жогорудай анын эреже-тартибин билбей, тынчтык жол менен чындыктын идеясын жеткире албай, турмушка ашыра албай келе жаткандын өзү да чындык. Ошондуктан ортодогу чындыкты чыркыратпай эле ага абайлап, мамиле жасоонун эрежелерин, турмушка ашыруунун ийкемдүү жолдорун  издебейбизби.  Тополоң-тоз, өлүм-житимге баруунун эмне кереги бар дегеним. Орус калкынын “Умный в гору не пойдет, Умный гору обойдет” деген макалынын маанисине дагы эле маани бербей келебиз. Өзүбүз чындыкка жетүүнүн жолун таба албай жүрөбүз да.

Чындык бир орунда турбайт. Ал дайыма өнүгүү жолунда. Материя түбөлүктүү кыймылда демекчи, чындык да так ошондой салыштырмалуу кыймылда. Ал эми чындыктын өнүгүү кыймылынын ылдам-дыгы адамдардын өзүндөгү акылы, чыгармачылыгы, эмгекчилдиги менен байланышкан тура. Андыктан баарыбыз эле чындыкка жете албайт окшойбуз деген тыянактын өзү да чындыкка жакындабайт.

Орус калкында чындык жөнүндө эки башка түшүнүк бар: “правда” жана “истина”. “Правда” – салыштырмалуу чындык. Ал жагдайга жараша өзгөрүп туруучу процесстер жана нерселер жөнүндөгү маалыматтарды билдирет. Ал эми “истина” абсолюттуу чындык, өзгөрбөйт. Анткени, ал байкоо, тажрыйба менен далилденген, илимий жактан тастыкталган туруктуу нерсе жана процесстер жөнүндөгү маалыматтарды берет. Абсолюттуу чындык бирөө гана деген түшүнүк да бар. Бирок, бүгүн туура делип саналган тарыхый саясый, социалдык-экономикалык окуя, фактылар эртең башкача тастыкталып кайчы көз карашты жаратып жатпайбы.

Салыштырмалуу чындык туруктуу же абсолюттуу эмес. Бирок, салыштырмалуу чындыкты ар ким деңгээлине жараша ар кандай бурмалашы мүмкүн. Абсолюттук деп да аныкталган чындыкты айтабыз. Анткени ал илимий жактан далилденген, байкоо, тажрыйбалар аркылуу тастыкталган реалдуу нерсе. Бирок, бүгүнкү далилденген абсолюттук чындык эртең андай болбой калышы ыктымал.

Салыштырмалуу  чындык  –  бул коомдук тарыхый окуялар, социалдык-экономикалык фактылар, физикалык, химиялык кубулуш, процесстер, адамдын көз караш, түшүнүктөрүнүн кырдаалдарга жа-раша өзгөрүү процесстери. Кезинде коммунистик партиянын “Правда” газетасы болгон. Ал салыштырмалуу чындык боюнча маалыматтарды чагылдырып турган. Анын маалыматтарын фактыларын биз абсолюттук чындык катары түшүнгөнбүз. Мисалы,  азыркы  коомдогу  рыноктук-экономикалык  система  мурунку  план-ченемдүү өнүгүүнүн эреже-нормаларын жокко чыгарды. Азыр экономикалык ма-милелер, көз караштар такыр өзгөрдү. Бул – бүгүнкү көрүнүш же бүгүнкү салыштырмалуу чындык. Ал эми эртеңки чындык башка, ал абсолюттук чындыкка жакын-дашкандай көрүнөт. Бирок ал да, абсолюттуу чындык эмес.

Ушул коомдук процессти физика илиминин механика жана жылуулук кубулуштары бөлүмүндөгү тең салмактуулук процесстери жөнүндө түшүнүктөрдүн жалпы жактары менен салыштырууга мүмкүн. Албетте,  аны  түздөн-түз  көчүрбөстөн айырмаларын, өзгөчөлүктөрүн белгилеп түшүнүү маанилүү. Анткени, окшоштуктар (аналогия) бар. Бирок, спецификалык өзгөчөлүктөр болбой койбойт. Мында да салыштырмалуу чындык абсолюттук чындыкка карай кыймылдагандай туюлат. Бирок, абсолюттук чындык жок.

Салыштырмалуу чындыкка жетүү дегенибиз – өнүгүү, а өнүгүүнүн чеги жок. Жаңы технологияларды табуу, ачылыштарга жетишүү чексиздикке умтулуу. Ал адамдардын  илимий  түшүнүктөрүнө, коомдун өнүгүү деңгээлине да байланыштуу. Башкача айтканда, коом белгилүү бир өйдө-төмөн тарыхый процессти баштан кечириши  мыйзам  ченемдүү  көрүнүш.

Ал жагдай чындыктын чегине жетүү үчүн пландаштырылып, мөөнөттү аныктап, салыштырмалуу ыңгайлуу кырдаалды түзүшү мүмкүн. Албетте, ал план-программалар аткарылышы ыктымал. Бирок, ал салыштырмалуу чындык жаңы идеяларды жаратып, чексиздикке карай ары улана берүүчү процесс.

Кыргызда: “Чындык асманда,  шатысы  чырбанда”  –  деген кеп бекер айтылбаган чыгар. Бирок, бу да бир жактуу, кайчы  пикирди  жаратат.  Биз альтернативдүү, эффективдүү жана натыйжалуу жолду таба албагандыктан чындыкты өзүбүздөн алыстатып жатабыз. Менин оюмча, чындык жаныбызда, мүмкүн анын караанын көрө албай, көрсөк да, жакын бара албай турабыз. Баруу үчүн илимий билим, тажрыйбалар ж.б. каражаттар керек. Жетүүгө кудуретибиз жок болгон соң качырып, асманга чыгарабыз го.

“Акча менен байлыкка, бийликке жетүүгө мүмкүн. Акча менен чындыкка жетүүгө мүмкүн эмес”, – деп улуу ойчул Конфуций бекер айтпаган чыгар. Акча чындыкка жетүүнүн каражатынын милдетин аткара албайт. Чындык жандуу, өзгөрүп, өнүгүп туруучу кубулуш. Анткени, ал салыштырмалуу.

Бирок ал бүгүнкү учур үчүн реалдуу чындык. Бүгүнкү абсолюттук чындык дегенибиз эртеңки күндүн керектөөсүн канааттандыра албайт. Анда кайдан абсолюттук  болмок  эле.  А  эртеңки чындык алдыда. Ал жаңы багыттарды аныктап, жол көрсөтөт. Ал дайыма өнүгүү өсүүдө болгондуктан өзгөрүп, өзүнүн дагы татаал көйгөйлөрүн, тармактарын көрсөтө баштайт. Ошентип жаңы чындыкка жетүүнүн жаңы каражаттарын издөөгө аргасыз кылат. Жаңы ачылыштарга чакырып, жаңы жаңылыктардын, көйгөйлөрдүн башын чыгарып, дагы алга үндөй берет. Адамды дагы илимий изилдөөгө, изденүүгө, чыгармачылыкка жетелейт. Чындыкка жакындоонун негиздүү тепкичи бо-жомолдор, илимий изилдөөлөр, иш билги (компетенттүүлүк) мамилелер, үзгүлтүксүз эмгек.

Чындык аң-сезимден сырткары жана ага көз каранды эмес. Ар бир учурдун, коомдун, ар бир адамдын чындыгы ар түрдүү болгондой, жагдайларга карата салыштырмалуу чындык да өзгөрө берет. Энергиянын айлануу жана сакталуу мыйзамы табияттын фундаменталдуу универсалдуу мыйзамы болгондуктан  чындык  түшүнүгүнө анын принцибин пайдалансак болот. Чындык да өнүгүп жана өзгөрүп турат. Жоголбойт, жоктон бар болбойт.

Анткени, анын убактылуу формасын, түсүн өзгөртүүсү мыйзам ченемдүү. Чындык коомдо түзүүчүлүк стратегиялык багыттарды аныктайт, жаратмандык мүнөзгө ээ. Анын баалуулугу ушунда. Адамга ички рух рахатын, энергияны, өнүгүүнү да тартуулайт, ийгиликтерди жаратат.

Чындык акыйкат, адилет бар жерде жашайт. Негизсиз талаш-тартыш,  баш  аламандык,  чуулгандуу окуялар бар жерден качат. Бирок, ошол талаш-тартыш, чуулгандуу окуялар чындык үчүн болгон күрөштөр. Анан чындык ошол жерде жол, багыттарды аныктап берет. Ошентип коомдо ар кандай реформаларды, өзгөрүүнү, өнүгүүнү алга умтулууну жаратат. Коомдук аң-сезимди, маданиятты, социалдык-экономикалык абалдарды да өзгөртөт, өнүктүрөт. Коомду кыймылга келтирет. Чындык – күч, энергия. Чындык адамдарга жанаша жашоого, сүйүүгө, коом до жаңы мыйзамдарды жаратууга, ийгиликтерди жаратып өнөктөшүүгө көмөк болот. Албетте, эгерде туура пайдалансак.

Ар кимдин түшүнүгүнө карата өзүнүн чындыгы бар. Бир адамдын чындыгы абсолюттуу чындык эмес. Көп учурда биз көздөгөн чындыкты карай жалгыз багыт алып, өз жолубуз менен кете беребиз. Андыктан жеке адамдын чындыгы, коомдун чындыгы менен айкалышпай калат. Бу жердеги биздин катабыз көпчүлүктүн көзү менен карап, кызыкчылыктарды эсепке албай жаткандыгыбызда. Мындай шартта жалпы адамзаттын өнүгүү стратегиясынан четтеп калышыбыз мүмкүн. Ушунун өзүн коомдогу өнүгүү мыйзамын түшүнбөгөндүк, салыштырмалуу чындыкты пайдалануунун маданиятын өздөштүрө албагандык десек туура болор. Мындай жүрүш бардык тараптан кризиске алып барат. Чындык качат деген ошол.

Албетте, бул макала өзүнчө монолог болуп калды. Бирок, ал да керектир. Ар бир окурман өз көз карашын, пикирин тапсын жана салыштырсын. Кыскасы, бул ой-пикир, түшүнүктөр, байкоолор, көз караштар бир адамдын акылы эмес, буларды баарыбыз билебиз, окуганбыз. Бул Нобель сыйлыгынын лауреаты А.Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясынын турмуш, коом менен байланышкан учурлары. Мен адамдарды альтернативдүү пикирлерге үндөй аламбы, алардан дагы бир жүйөөлүү идеяларды, ойлорду угамбы? – деген ой. Анткени чындык бир эле адамдын көз карашы менен эмес, көпчүлүктүн психологиясы, философия менен байланышкан көйгөйлүү чоң жана терең тема. Бу ой жорууларды тактоо, толуктоо менен көп кырдуу пикирлердин маанилүү экенин турмуш далилдеп жатат.

Д.СУЛТАНКУЛОВ, Евразия чыгармачыл гильдиясынын мүчөсү, эксперти