Бишкек– адам ысымы эмес, ыйык – тоонун аталышы!

Башталышы бул жакта

Кытай жана Өзбекстандан тышкары, Корея менен Венгрияда да берекелүү, ыйык шаар аталыштары бар 

Тоонун  аталышын  алып  жүргөн шаар  Түштүк  Кореяда   да  бар экен. Ал «Пусан» шаары — анын мааниси да берекелүү же ыйык тоо экендиги биздин көз караш туура багытта болгондугуна, ишеничибизди бекемдейт.

Дагы бир далил: Венгрия мамлекетинин, орто кылымдарда өз аталышы Хунгариян – хундар өлкөсү, хундар болсо түрк тилдүү элдердин теги экенин баарыбыз билебиз. Ал эми алардын борбор шаарынын Будапешт деген аталышы да түрк сөздөрүнөн куралганын баамдасак болот. Будапештти муундап окусак, ал ачыкталат: Бу (бул) да (даа же тоо) пеш (пиш-ыйык) (традициялык шаарларга же турак жайлардын аталыштарына кошулуп айтылуучу мүчө, мисалы Ташкент, Ходжент, Чымкент ж. б.). Демек, мында да ыйык тоонун урматына жаралган шаардын ысымын көрөбүз.

Мындай  жагдай  жөн  жеринен  жаралбаган, анткени Түштүк Сибир түрк-төрүнүн ифологиясында жана салттык жөрөлгөлөрүндө «тоо» эң маанилүү ишеничтериндеги негизги нерселердин бири болуп саналат экен. Россиялык тарыхчы Сергей Кляшторныйдын аныктамасында, “байыркы түрктөрдүн ишеничинде ыйык тоо чокусу жалпы эле Жер-Сууга сыйынуунун бир бөлүгү болгон”. Ал эми хакас (байыркы кыргыздар) фольклорунда «Ыйык тоо адамдардын урууларынын жаралыш булагы жана анын мүчөлөрүнүн өлгөндө көмүлүүчү көрүстөнү болуп саналат» дейт белгилүү россиялых тарыхчы Игорь Кызласов. Сергей Кляшторныйдын аныктамасында “түрктөрдүн ишеничинде бийик тоо чокусун урматтоо жалпы эле Жер-Сууга сыйынуунун бир бөлүгү болгон”. Ал эми кыргыз археологу Кубатбек Табалдиевдин пикиринде, Ала-Тоо (Тянь-Шань) – кыргыз көчмөндөрүндө да ыйык тоону урматтоо (культу) белгисиз. “Анда алар диний жөрөлгөлөрдү өткөрүшүп турушкан”. Археолог Бакыт Аманбаеванын ою боюнча, “Кыргызстандын элдеринин диний турмушунда ыйык тоолорду урматтоо белгилүү мааниге ээ болуп келген жана ал азырда уланууда”.

Демек, мына ушул себептерден улам, көчмөн түрк калктарынын «ыйык» деп саналган тоолордун жана дарыя-суулардын жанына айыл-кыштактарды жана шаарларды салышкандарына ынанабыз. Маселен, жогоруда айтылгандарга дагы бир далил бул Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаарынын жанында «Сулайман тоо» — ыйык тоо деп эсептелингени белгилүү, ал эми анын жанынан аккан “Ак (Ыйык) Буура” муну да бекемдейт.

Пишбек баатыр жөнүндөгү тарыхый даректер

Айрым «тарых билермандарынын» уламыштарга таянышып, «Бишкек» – бул ХVIII кылымдын ортосунда Чүй өрөөнүндө жашаган белгилүү кыргыз баатырынын ысым-аты деп көрсөтүүлөрү, бери дегенде жаңылыштык болуп эсептелет. Бул жөнүндө өзүнчө атайлап иликтөөдөн кийин, кенен сөз кылсак болчудай.

Азырынча айтаарыбыз, биринчиден, ал баатырдын ысым-аты кыргыз элине таандык ысым-ат коюуга ылайык Бишкек эмес Пишпек, же тагыраак Пишбек деп аталышы лаазим. Баарына маалым болгон-дой, кыргыздар ысым-ат коюу өнөкөтүнө өзгөчө маани беришкен, ал тургай фаталисттик (баланын келечек тагдыры менен байланыштырган) ишенимде болушкан. Пишбек антропоними көпчүлүк кыргыз ысым-аттарына мүнөздүү эки бөлүктөн туруп: Пиш (Биш) – бактылуу, бек – бийлик ээси же төрө дегенди түшүндүрөт. Толук мааниде бактылуу бийлик өкүмдары дегенди берет. Бактылуу же ыйык тоонун жанында төрөлгөн баланы мындай атоо кыргыздарда кадыресе көнүмүш болуп саналат (маселен: Алайбек, Жумгалбек, Нарынбек, Таласбек ж.б.).

Экинчиден, мен ХVIII кылымдан ХХ кылымдын башына чейинки кыргыздарга тиешелүү документтер менен бирдикте 1916-жылы Санкт-Петербургда басылып чыккан «Материалы по обследованию туземного и старожильческого хозяйства в Семиреченской области» (Пишпек жана Пржевальск уезддери VII-VIII томдор) аттуу китепке киргизилген он миңдеген кыргыз ысым-аттарын карап чыктым. Мында биз Бишкек ысым-аттуу адамды кезиктире албадык. Ошол эле кезде Ала-Арча колотунда (урочище) Чыгыш-Сокулук болуштугундагы №3 жана №4 айылдарында сол-то уруусунун түлөберди уругунан Мамбет Пишпек (тагыраагы–Пишбек) жана Аманбек Пишпек аксакалдардын ысым-аттары белгиленген. Казакстан Республикасынын архивинен жакында табылган архив документинде (№3 сүрөт) Пишпек уездиндеги Чыгыш Сокулук волостунун 1913-ж. Пишпеков Шамбет деген улук (старши-на) жөнүндө кызыктуу маалыматтар жолугат экен.

Айтмакчы,  1966-жылы  жазуучу Ш.Үметалиев  82-жаштагы  Молдокул Өмүрзак уулу Пишпеков менен кезигишип сүйлөшкөн. Ошондой эле Таластагы кыргыздын саруу уруусунун генеологиялык санжырасында Өмүрдүн уулу Пишпек ысым-аттуу адам жолугат. 1893-1894-жж. Чүйгө келген даңазалуу чыгыштаануу, академик Владимир Бартольд өзүнүн макаласында уезддин борбор шаарынын чыгыш тарабында жаңы мезгилдерде пайда болгон коргондун калдыктары “Пишпек-Ата” жөнүндө сөз кылат. Кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноевдин ХХ кылымдын 30-жылдарында жазган «Кыргыз, казак тарыхы» жыйнагынын кол жазма вариантында солто уруусунун белгилүү баатыры Пишпектин аты аталган.

Деги эле, кыргыздардын солто уруусунан чыккан Жоочалыштын урпактарынан болгон XVIII кылымда жашаган делген Бишбек баатыр жана дагы бир ушундай бурмаланган Бишкек лакап ысымдуу Эркөбөк уулу Бутак баатыр — аксылык саруу уруусунун өкүлү, ошондой эле таластагы са-руу урусунан Баркы уулу Бишкектер жөнүндө бир да жазма (орус, кытай, өзбек, уйгур) тилдердеги булактарда азыркыга чейин маалыматтар жок экендигин, ушул мезгилди көптөн бери изилдеген адис катары, так айта аламын. Күмөндүү уламыштарга негизделген кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун “Бишкек баатырга” арналган чыгармалары, накта акыйкаттуу изилдөөлөрдү баамдашкан көпчүлүк окурмандарды ынандырбаганы белгилүү. Демек, Бишбек баатырдын тарыхын жаңыдан илимий негизде тарыхчы адистер тарабынан даректүү жазма булактардын же болбосо жок дегенде ынанымдуу тарыхый ыкма менен изилдениши мезгилдин талабы экендигин баса белгилеймин. Азырынча, менин кабарымдагы уламыштардын малыматтары жана айрым архивдик даректер боюнча, ал XVIII кылымда өлгөн эмес, ХIХ кылымдын биринчи жарым мезгилине чейин жашаган сыяктанат, солто уруусунун эл башчысы 1838–1840-жж. өлгөн Канай Түлөберди уулунун замандашы болгон делет экен. Ошентип, даңазалуу кыргыз баатырынын тарыхын тагыраак изилдеп чыгып, татыктуу иштерин далилдеп туруп – Бишкек ысымы менен эмес, Пишпек (Пишбек) баатыр деп, тагыраак атап эстелигин койсок акыйкат-тулук болчудай.

Жогорудагы маалыматтар Пишпек же Пишбек антропоними кыргыздар арасында кадыресе көнүмүш болгонун айгинелейт, ал эми Бишкек деген ысым-ат кездешпегенин ырастайт. Ушундан улам ХХ кылымдын башына чейин «Бишкек» антропони-ми адам аты катары калыптана алган эмес деп толук айта алабыз.

Пишбек баатырдын ысымын борбор шаарыбыз 48 жыл алып жүргөн!

Демек,  «Пишбек»  антропоними бир аз өзгөртүлүп «Пишпек» деген антротопонимге (адамдын ысымынан аталган жер) айланган (ал 1878-жылдын 29-апрелинен 1926-жылдын 26-майына чейин, алгач Россия империясынын Токмок жана Пишпек уездинин, андан соң Советтик Кыргызстандын борбор шаары катары 48 жыл турган) жана бишбек (тагыраагы пишбек) аттуу кыргыздардын солто, саруу урууларындагы уруктардын аталышы «Бишкек» – «Бакыт же Ыйык тоо» топонимден пайда болгон аталыштар экендигине ынанабыз.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандын  борбор  шаарынын  аталышы адамдын  ысымы  эмес.  Ал  Борбордук Азия аймактарындагы, өзгөчө көчмөн элдердин шаарларга берилүүчү традициясына ылайыкталып коюлган аталыш – “Бишкек”–“Ыйык Тоо” экенинен күмөн санабашыбыз керек. Бул Бишкек шаарынын тумары же символу болуп бүгүнкү күндө бизге белгилүү «Байтиктин боз бөлтөгү» экендигинен кабар берип, нукура мааниси бакыт алып келүүчү куттуу ыйык тоо экенин так билип, элибизге жана келген конокторго да көтөрүңкү маанайда  сыймыктануу  менен  айта жүрүшүбүз керек экенин унутпайлы. Жана да аны ыйык жай катары көзүбүздүн карегиндей аздектеп сактоону эсибизден чыгарбообуз абзел. Анткени, акыркы мезгилде бул тоонун батыш тарабы кертилип, топурагы ар кандай курулушка колдонуулуда.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, профессор, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты