Бишкекте көк бөрү боюнча КР президентинин Кубогу башталды

Бүгүн Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында КР президентинин Кубогу үчүн турнир башталды.

Күйөрмандар беттештерди КТРК Спорт каналы аркылуу саат 10:00дөн кечки саат 16:00гө чейин көрө алышат. Беттештер 30-августта аяктайт.

Турнирде 12 команда ат салышат. Алар чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй:

«А» тайпасы: «Арашан», «Толкун», «Сын-Таш»;
«В» тайпасы: «Четинди», «Сокулук», «Шыралжын»;
«С» тайпасы: «Нурлан Көк-Жал», «Төш-Булак», «Сары-Өзөн Рассвет»;
«D» тайпасы: «Бакубат-Талас», «Келечек, «Алыкул»;

Эске сала кетсек, көк бөрү боюнча президенттин Кубогу жыл сайын өткөрүлөт. Акыркы жолу Ош облусунун «Достук» курамасы чемпион аталган.