Ноокатта жер адиси менен депутат 50 миң сом пара алууга шектелип колго түштү (видео)

Ноокатта айылдык кеңештин депутаты менен жер адиси 50 миң сом пара алып жаткан учурда колго түштү. Бул тууралуу 24-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык,  Финансы полициясынын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, Он-Эки-Бел айылынын жер маселелери боюнча адистери жер участогун бергени үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (“Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу”) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш иштин алкагында өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен жер боюнча адис жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалган.

Учурда иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.