Азиада-2018: Төрөкан Багынбай уулу алтын медаль утту

Индонезияда өтүп жаткан Азиядада Төрөкан Багынбай уулу жиу-житсу боюнча Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талибди 2:0 эсеби менен жеңип, алтын медалын тагынды.

Ал буга чейин 1/16 финалда ирандык спортчуну утуп, жарым чейрек финалда казакстандык Мансур Хабибуланы жеңди. Чейрек финалдык беттеште Багынбай уулу түркмөнстандык Желилмухаммед Хошанмурвдовду 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалда таиланддык спортчунун үстүнөн 4:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Төрөкан Багынбай уулу алган байге Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медал. Буга чейин Кыргызстандын спортчулары төрт күмүш, беш коло байге алышкан. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 21-орундан 17-орунга көтөрүлдү.