Көчмөндөр оюндарын дрон менен тартууга тыюу салынат

2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда пилотсуз учуучу аппараттарды (коптер, дрон, авиамоделдер ж.б) учурууга тыюу салынат. Бул тууралуу оюндарды өткөрүү боюнча  катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аппараттарды учурууга тыюу салуу ДКО сыяктуу масштабдуу иш-чаранын конокторунун жана катышуучуларынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо максатында киргизилди. Пилотсуз учуучу аппараттарды 2нен 8-сентябрга чейин Кырчын капчыгайында жана ат майданында колдонууга болбойт.

Кырчын капчыгайынын жана ат майдандын үстүнөн пилотсуз учуучу аппараттарды иштетүүгө ДКОнун катчылыгына гана уруксат берилет.