Коррупция боюнча билдирген «Кыргыз темир жолунун» кызматкери президентке кайрылды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Бишкек-Москва каттамынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып жатканы тууралуу видео кайрылуу таратты.

Анда, ал 11-августта «Кыргыз темир жолундагы» билетсиздер жана форма кийимдери боюнча коррупциялык иштер тууралуу кайрылган видеокайрылуусунан кийин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги тарабынан ага карата каршы аракеттер башталганын билдирген.

Буга чейин бир нече поезд коштоочулар мекеменин жетекчилери каттамдарга билетсиз жүргүнчүлөрдү салып жатканын айтып чыгышкан. Алардын сөзүнө караганда, кассада «Москвага билет 14 миң сом» деп турганы менен жетекчилери ортомчулар менен сүйлөшүп, билетсиз жүргүнчүлөрдү эки эсе арзан баа менен поездге салышат.