Мамэкотехинспекциянын мурдагы маалымат катчысынын билдирүүсүн Коопсуздук кеңеши териштире баштады

Президент Сооронбай ЖээнбековМамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырды. 

Белгилүү болгондой 25-августта президенттин тапшырмасынын негизинде Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери Анара Мамбеталиева менен жолугушкан.  Анда мурдагы маалымат катчыга расмий арыз жазуу зарыл экени түшүндүрүлдү. Анара Мамбеталиева тиешелүү органдарга арыз жазууга жана документтерди берүүгө макул болду.

Буга чейин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк «коррупцияга аралашкан» деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган.

Ал эми аталган мекеме басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырган.