“Манастын” мурасчысы

Башталышы бул жерде


“Мурасчы” деп, кыргыз элинин дүйнөлүк эпосу “Манастын” байлыгын, же мурасын сактаган адам жөнүндө айткым келет. Биздин эл бул укмуштуу эпосту нечен жүз жылдар бою түзгөн. Анын нечен бир сонун айтуучулары, манасчылары болгон. Маселен, Акылбек, Тыныбек, Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Отунчу, Балык, жана башка улуу акындар эл оозунда гана аталып, алардын “Манастары” жазылбай калган. Буга биздин таалайга каршы жаралган феодализм доору бир себеп болсо, ошонун негизинен келип чыккан нааданчылык, билимсиздик, маданиятсыздык экинчи себеп болгон.

Эгер Октябрь революциясы болбосо, басмабыз болбосо, биздин бул эпосубуз ошол улуу ысымдар менен бирге дайынсыз кошо жоголмок эле. Акыры формасы улуттук, мазмуну социалисттик маданияттын негизинде ал кайрадан көтөрүлүп, дүйнөлүк байлыктардын казынасына кирип олтурат.

“Манасты” жазуу мындан жыйырма беш жыл илгери башталган эле. Ал кезде азыркыдай “өзү жазуучу” машина, же стенография гана эмес, эпостун маанисин бузбай, тарыхый жана көркөмдүк сапатын ойдогудай сактап кол менен жаза билген сабаттуу адамдар да саналуу гана эле. Ошол кезде 1905-жылдан бери мугалимдик кылуучу жана сегиз жашынан “Манас” эпосун угуп аябай каныккан, ага кошумча орусча аздап түшүнгөн, чагатай тилин жана адабиятын билген Ыбрайым Абдырахманов (ылакап аты – Ак Молдо) Кыргызстан Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтунда иштеди. Бул киши ошол күндөн баштап эле атактуу акын, манасчы Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазууга киришти.

Мындан мурдакы статьяда айтылгандай, ал кездеги тайкы адамдар бул эң маанилүү ишке баа беришкен жок. Айтуучу менен жазуучуга эмгек акы төлөө, турак жайы жана башка шарттарды түзүүнүн ордуна алардын шагын сындырып иренжитти,  ал  гана  эмес  эпоско  өздөрүнүн феодалдык  чирик  ойлорун  жугузууга аракеттеништи.

Бирок бул акылдуу киши: “Элдик байлык өз кунунан бузулбоо керек, эч кандай жасалма ойлорду киргизбөөбүз ке-рек” деген принцип менен Нарын жана Ат-Башы  районундагы  туугандарыныкына көчүп барып, ошол жакта төрт жыл бою жүрүп, Сагымбайдан 400 басма табак жазды. Бул мезгилдеги каражат өз эсебинен болду. Сагымбайдын: “Эл үчүн иштейли, өспүрүмдөр үчүн кызмат кылалы” деген осуятын толук кабыл алуу менен, бул кылган кызматы элдики экендигине түшүндү.

Ыбрайым ага өзү айткандай, “Манасты” жазып жатканда күн батып таң атканы билинбей жүрдү. Төрт жыл түгөнбөгөн сыяктанат, ал тамаша жана өзүнчө бир мектеп катарында өтүп кетти. Ал гана эмес, “Манастын” күчүнө багынгандыктан, көз алдына “Кырк чоронун жана Манастын элес тери келип, кээде дүпүрөгөн дабыштар, ал жазып жатканда артынан Алмамбет келип карап тургансыган” белгилер болуп турду.

Эгер  Ыбрайым  ага  ошончолук абийирдүүлүк, чын берилгендик жана маданияттуулук менен бул эпос-ту  ХХ  кылымдын  улуу  манасчысы Сагымбай  Орозбак  уулунан  жазып калбаган болсо, кыргыз эли чоң олжодон айрылган болор эле. Бул укмуштуу вариант институттун алтын казынасына кирбей калган болор эле. Бул кишинин бөтөнчө эмгеги мына ушунда!

Сагымбай Орозбак уулунун вариантына изилдөө, илимий жана көркөмдүк, тарыхый жагын текшерүү жагынан эч кол тие элек десек болот. Академик Ауэзов Мухтардын жана раматылык Калим Рахматулиндин эмгектери биринчи башталгыч иш катарында болуп, алар жалпы эпостун чыгышы жөнүндө айтылат.

Биздин болочогубуз, алдыдагы адабиятыбыздын өсүш жолунда Сагымбайдан жазылган вариант түгөнгүс мурас, көркөм сөз байлыгынын кенчи болоруна шек жок. Анын сөздөрүнө, образдарына, укмуштуу карапайымдыгын түшүнгөн адам ал акынды (айтуучуну) улуу акындардын катарына кошот. Менимче да ошондой болуу керек.

Ыбрайым ага Сагымбайдыкынан башка Саякбай Каралаевден 250 басма табак, Багыштан 100, Молдобасандан 20 басма табак жазып, өзүнүн 22 басма табак вариантын тапшырды. Бул киши Сагымбайдыкын бүтөөрү менен эле мугалимдик кесибин илимий кесипке алмаштырды. Ал ушул институттун “Манас” секторуна кенже илим кызматчысы болуп дайындалды. Ал “Манас” эпосунун бардык вариантын тартипке келтирип, өз байлыгындай, өз казнасындай кылып сактады. Бул милдетти эң касиеттүү иш катарында эсептеп, бул улуу мурастын сактоочусу катарында болду. Ушул күндө да “Манасты” окуган кишилер Ыбрайым аганын эң кылдат, таза, чебер ишине таң калат. Анын колу тийбеген, жыртылганын жамап-жаскабаган бир да барак жок. Кимдин вариантын сурасаң да аны жатка айтып берет.

Өзүнүн “Манас” эпосу жөнүндө” деген илимий талдоо эмгегинде көп жаңы пикирлерди айтат. Эпостун жалпы сюжети кылымдар бою бир түрдө келе жаткандыгын ырастап, анын айтылуусу (сөздөрү) акындын күчүнө жараша бирде өйдө, бирде төмөнкү даражада болгондугун далилдейт. Маселен, “Көкөтайдын ашындагы” бир окуянын бөлөкчөсү мындай айтылат. 1896-жылы Жандаке деген манасчы:

“Көк ыргайды жонду дейт,

Капыр менен мусулман

Жүлүн жара конду дейт;

Көкөтөй ашын сойду дейт,

Беш дөбөнүн түбүнө

Бээ байлатып Бокмурун,

Үч дөбөнүн түбүнө

Үй тиктирип Бокмурун;

Ботонун сазын бойлогон

Күндө кумар ойногон,

Күрсүлдөгөн Жолойго

Көкөтайдын Бокмурун

Ат жетелеп кирди дейт.

Алтындан күрмө кийди дейт,

Калдай менен дос болуп

Туз кайнатып алды дейт”

– десе, ошол эле жерин Акылбек деген манасчы (1900-жылы):

“Каркыранын кара саз,

Бээ байлатып салды дейт.

Көкөтайдын Бокмурун

Калдай менен дос болуп,

Туз кайнатып алды дейт”… – деген.

Ал эми Сагымбай Орозбак уулу ошол эле жерди:

“Чабдарды ашып чаң кылып,

Көкөтөй ашы болот деп.

Санатын журтка даң кылып,

Жылкыдан сексен миң кылып,

Кабарын калкка дүң кылып.

Үч каркыра жайлатып,

Мааникер атын байлатып,

Эсебин үч жыл айлантып,

Элин ашка шайлантып.

Үч-Булактын оюна,

Үйлөрүн тигип жайлантып.

Көкөтөйдүн көк туусун,

Көтөрүлтүп бийиктеп.

Көргөн душман ичине –

Көрүнө түшсүн күйүт деп”… – деп сүрөттөйт.

Буга караганда “Манас” эпосунун негизи чындык болуп, кийин кошумчаланып олтуруп, ошол болгон окуя такыр өз чегинен ашып чоңоюп кеткендиги талашсыз. Бирок жогоруда айтылгандай, анын сюжети бир калыпта сакталган. “Манас” деп аталган өзүнүн (баатырдын) аты эч кандай  “Мухамбет  Жунус”,  же  кээ  бир илимий кызматкерлер талдагандай “Манасса” деген европалык наамдан (немец драматургу Гуцковдун “Уриэл-Акоста” деген пьесасынын бир герою) чыккан деген болжолго туура келбейт. Кыргызда Манас өңдүү түшүнүксүз аттар толуп жатат. Балким тилдин жатыктыгына карай, ушул эле маанидеги ат кыскартылып ырдалууга мүмкүн.

Ыбрайым ага кыргыз элине миң басма табак көлөмүндө турган ушул эпостун бир канча түрүн өз колу менен жазып, иретке келтирүү менен бирге, “Кыргыз тарыхы”, “Калмак ханы Коңтаажы”, “Ылакап-макалдар”, “Шырдакбек”, “Жаңыл Мырза” жана башка, бардыгы эң сонун эл бай-лыктарын чогултуп кыргыз тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтуна өткөргөн.

Анын бул өңдүү эбегейсиз зор эмгегине кырк бир жылдык мугалимдик эмгеги да кошулуп кетет. Кыргыз Республикасынын илим жана акылдарынын борбору болгон СССР Илимдер Академиясынын филиалы Ыбрайым ага өңдүү эң карапайым жана өз элинин маданияты үчүн күрөшкөн ак пейил сонун адамдарынын баркын билип, аны эң кымбат кишилер катарында сыйлайт.

Кыргыз эли өзүнүн улуу эпосу “Манастын” 1100 жылдык юбилейин майрамдоо менен Лениндик улут саясатынын салта-натын майрамдайт.

Алыкул ОСМОНОВ, Чолпон-Ата, 1.01.1947-жыл