Атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрү которулду

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн ачылган атайын эсепке кезектеги акча каражаты которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 27-августта УКМК Бирдиктүү депозиттик эсепке 2,1 млн сом каражат которгон.  Ушуну менен  коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 143,6 млн сомду түздү.

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.