Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлинде сактап калды

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлинде калтырды. Чечим 28-августтан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР УБ төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында Кыргызстанда инфляция төмөн деңгээлде калуу динамикасын улантууда. 2018-жылдын август айында инфляция жылдык мааниде 1% түзгөн.

2018-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДП 0,2% кыскарган, ошол эле кезде “Кумтөр” кенин эсепке албаганда, экономиканын өсүшү 2,2%ды түзгөн.