Бишкектин мурдагы вице-мэри үй камагына чыгарылды

27-августта Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы биринчи вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ренат Макенов 6-июлда УКМКга сурак бергенден кийин, Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары менен кошо Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деген шек менен кармалган. Аны менен чогуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов коррупцияга шектүү катары камакка алынган.

Бишкек шаардык прокуратурасы баш калаада үч жарым гектар жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон. Кийин бул ишке 303-беренени (“Коррупция”) кошкон.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2014-жылы Муниципалдык менчик башкармалыгы эки жаранга 12-кичирайондон 3,38 гектар жерди бир жылдык колдонууга берген.

Аталган аянт коомдук колдонуудагы жер экенине карабай, Муниципалдык менчик башкармалыгы 2015-жылы «Бишкек башкы архитектурасына» анын функционалдык багытын карап берүүнү суранган. Андан ары жерди курулушка берүү чечими чыгарылып, ал жакка соода борбору курулмай болот. 2017-жылы жерди төрт тилкеге бөлүп сатып жиберишкен.  Ал кезде башкармалыкты Макенов жетектеп турган.

Учурда тергөө уланууда.