ИИМ шектүү байрак алып жүргөндөрдү кармады

Ички иштер министрлиги да экстремисттик уюмдарга тиешеси болушу мүмкүн деп шектелген байракты алып жүргөндөрдү кармаганын кабарлады.

Күмөндүү желек Кант-Бишкек жолунда тартылганы такталды. Жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында “Тойота-Виш” автоунаасынын айдоочусу кармалып, араб тилинде жазылган кара-көгүш байрак классташынын өтүнүчү менен, этникалык азчылыктардын улуттук белгиси катары колдонулганын түшүндүгөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, байрак эл аралык террористтик уюмдардын атрибуту болуп саналбайт. Анда “Мухаммедди Алла өз ырайымына алсын” жана “Жараткан Алла” деген гана сөздөр бар экени аныкталды.

Түшүндүрүү иштеринен кийин автоунаанын айдоочусу кое берилген.

Буга чейин интернетте арабча «Аллах» деп жазылган кара байракты унаанын терезесинен чыгарып бараткан видео жарыяланып, кызуу талкууга алынган.

27-август күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кара желек илип алган үч автоунааны кармаганын кабарлаган.

«Кара желекти желбиретип бараткандар «CERBER AVTO CLUB» деп аталган авто борбордун мүчөлөрү экен, алар Беловодск айылындагы балдар интернатына кайрымдуулук иштерин кылуу максатында баратышыптыр. Ал желекте эч кандай «Аллах» жана башка жазуулар жок, болгону ал ошол фирманын логотиби түшүрүлгөн кара желек экен», — деп түшүндүргөн мекеменин басма сөз кызматы. 

Булар да түшүндүрүү иштеринен кийин кое берилген.