Азиада-2018: Төрөкан Багынбай уулу, Дарья Маслова  – Азия чемпиондору!

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу алтын медаль утуп, кыргыздын намысына жарады. Ошондой эле, Т. Багынбай уулу жеңишин жалпы кыргызстандыктарга арнады.

Төрөкан Багынбай уулу

Балбан  татамиде  69  килограмм  салмакта  күч сынашкан.  Ал  1/16  кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда  түркмөнстандык,  жарым финалда таиланддык спортчуларды утту. Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды. Бул Азиядадагы Кыргызстандын алгачкы алтын медалы болду.

Дарья Маслова

Ал эми экинчи алтын медалды  кыргызстандык  жөө  күлүк Дарья Маслова утту. Ал жарышта  10  чакырым  аралыкты  жарым  сааттан  ашык  убакытта (32:07:27)  чуркап  өтүп,  биринчи болуп келди. Экинчи орунду брунейлик спортчу Чумба Юнис, үчүнчүгө кытайлык Чжан Дешунь татыды.

Аны менен бирге 24 жаштагы жиу-житсучу Нурсултан Алымкулов 77 килограмм салмактагылар ара-сында күч сынашып күмүш медаль тагынды. Муртазали Муртазалиев менен Абдурахманхаджи Муртазалиев колого жетти. Ал эми пенчак силат боюнча ата мекендик мушкер Данияр Токуров коло медаль тагынды.

Учурда Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 15ке жетти. Буга чейин кыргызстандык балбандар грек-рим, эркин жана кыз келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло  жана  оор  атлетикадан  Иззат  Артыковдун  коло  утканын айтканбыз.

Азия  оюндарына  катышкан Кыргызстандын  күрөш  боюнча курама  командасы  мекенибизге кайтып келди. Аларды тосуп алуу аземи «Ак-Жол» чек ара бекетинде болду.

Спортчуларды жеңиши менен куттуктоо үчүн Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, туугандары жана күйөрмандары барды.