Кыргызстан өз кызыкчылыгынын эске алынуусун жактады

24-августта Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өткөн Аралды сактоо эл аралык фондунун саммитине ардактуу мейман катары катышты.

Саммите сүйлөгөн сөзүндө Сооронбай Жээнбеков регионалдык кооперациядан бардык өлкөлөр утушка ээ болорун, ал эми Борбор Азия дүйнөдөгү эң туруктуу жана гүлдөп-өнүгүп жаткан региондордун бири болуп каларын белгиледи.

«Бүгүнкү Саммитке катышуу менен мен Аралды сактоо эл аралык фондун комплекстүү реформалоо боюнча Кыргызстандын көз карашы менен жана келечекте Фонддун кандай болушун кааларыбыз тууралуу ойлор менен бөлүшкүм келет. 2016-жылы Кыргыз Республикасы Фонддун жана анын органдарынын ишмердигине катышууну токтото туруу чечимин кабыл алган. Буга азыркы көрүнүшүндө Аралды сактоо эл аралык фонду биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына жана зарыл керектөөлөрүнө жооп бербегендиги түрткү болду», – деди Президент жана 2009-жылы Алматы шаарында өткөн мындан мурунку Саммитте кыргыз тарап Фондду реформалоо зарылчылыгы, анын ичинде Фонддун натыйжасыз органдарын кыскартуу тууралуу позициясын билдиргенин да эске салды.

Ал адегенде региондогу бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен Арал деңизинин бассейниндеги програм-маларды жана долбоорлорду каржылоо жана насыялоочу Фонд катары түзүлгөн Аралды сактоо эл аралык фондунун органдарынын 25 жыл аралыгындагы ишмердигинин натыйжалуулугун ар тараптан талдоочу мезгил келгендигине токтолду. Анын пикиринде, деңиздин бассейниндеги өлкөлөргө жардам берүү боюнча аракеттердин биринчи, экинчи жана үчүнчү программаларын ишке ашырууга баа берүү, финансы каражаттары кайда жумшалганын жана региондогу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктары канчалык адилет жана тең салмактуу эске алынганын изилдеп чыгуу керек.

«Азыр Фонддун ченемдик укуктук документтеринде карама-каршылыктар бар, анын аткаруу органдарынын тутумунун натыйжасы жок. Фондго тартылган финансылар боюнча отчеттуулуктун ачык-айкын механизмдери жок, Фонддун уставдык органдарын жайгаштыруу орундары тең салмактуу  эмес,  ошондой  эле  алардын  көп жылдар бою иштеп келатышкан жетекчи-лерин ротациялоо механизми жок», – деди Президент.

Ал Фонддун ишмердиги суу ресурстарын ирригация жана экология үчүн пайдаланууга багытталганын, бирок, анда сууну башка максаттарда, анын ичинде гидроэнер-гияны иштеп чыгууга пайдалануу эске алынган эместигине басым жасады. Бул ХХ кы-лымдын 90-жылдарында иштелип чыккан жана иш жүзүндө Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнүн айыл чарбасынын муктаждыктарын гана чагылдырган регионалдык кыз-матташтыктын эски ченемдик укуктук базасы менен түшүндүрүлөт.

«Ошону менен бирге, Арал кризиси – бул сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдүн аянтын ыксыз көбөйтүп, анын натыйжасында сугат үчүн сууну өтө көп пайдалануудан улам келип чыккан көрүнүш экенин биз баарыбыз эң жакшы билебиз. Аралды сактоо эл аралык фондундагы ушундай абал Кыргызстанды Арал деңизинин бассейниндеги өлкөлөргө жардам берүү боюнча аракеттердин үчүнчү программасына Борбор Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдаланууну өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Жыйынтыгында Фонддун алкагында кыргыз тарап сунуш кылган бир дагы гидроэнергетикалык долбоор колдоого ээ болгон эмес», – деди С.Жээнбеков.

Ал гидроэнергетика суу ресурстарын коромжуга учуратпасы жалпыга белгилүү экендигине токтолду. Андан калса, ушул жылдар ичинде Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында Кыргызстандын территориясында бир дагы ирригациялык долбоор ишке ашырылган эмес. Бул көп нерседен кабар берет. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин Аралды сактоо эл аралык фондуна мүчөлүк акы төлөө шкаласын да кайра карап чыгуу зарылдыгын да белгиледи.

Анын пикиринде, жогору жакта жайгаш-кан өлкөлөрдүн дос кошуна мамлекеттердин муктаждыктары үчүн сугат сууларын топтогону боюнча Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагында компенсациялык механизмдер каралбаганын белгиледи. Мындай өз ара пайдалуу кызматташуу практикасы дүйнөдө ийгиликтүү ишке ашууда.

С.Жээнбеков Борбор Азияда совет мезгилинде пландуу экономиканын негизинде кабыл алынып калган суу бөлүштүрүү боюнча лимитке байланыштуу маселе да күн тартибинде турганын белгиледи. Ал кезде айрым республикаларда агрардык сектордун өнүгүүсү чектелип, аларга азык-түлүктөрдү жана кубаттуулуктарды алып жүрүүчү заттарды компенсациялык негизде берүү киргизилген болчу. Азыркы учурда суу бөлүштүрүү боюнча мурдагы система азыркы реалдуулукка жооп бербейт жана региондогу өлкөлөрдүн туруктуу өнүктүрүүнү эске алуу менен кайра карап чыгууну талап кылат. Сууну пайдалануу чөйрөсүндөгү көпчүлүк маселелер региондогу өлкөлөр ортосунда эки тараптуу же үч тараптуу негизде Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагынан тышкары чечиле-ри жашыруун эмес.

Ушуга байланыштуу С.Жээнбеков кыргыз тарап суу жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун компенсациялык механизми каралган 1998-жылдын 17-мартындагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын бассейниндеги суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин алкагында кызматташууну жандандырууну жактай турга-нын билдирди.

«Бул Келишим Аралды сактоо эл аралык фондунун алкагынан тышкары кабыл алынган, 2006-жылга чейин ийгиликтүү иштеген жана бүгүнкү күнгө карата юридикалык күчүн жогото элек. Биз ушул келишимдин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууну өркүндөтүүнү сунуш кылабыз. Глобалдык деңгээлде жүрүп жаткан климаттын өзгөрүүлөрү суу ресурстарына өзгөчө таасир этип жаткандыгы да региондогу кырдаалды тереңдетүүдө. Окумуштуулардын жана адистердин божомолу мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышын жана 2025-2030-жылдарга карата дайралардагы суунун көлөмүнүн көбөйүшүн көрсөтүүдө. Климаттын  глобалдык  өзгөрүүсү  биздин региондогу суу пайдалануу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү улам тереңдетүүдө. Ошондуктан  Борбор  Азиянын  жогору  жагындагы өлкөлөрдө мөңгүлөрдү сактоого багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү», – деп баса белгиледи Президент.

Ал Кыргыз Республикасы Фондду Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен комплекстүү реформалоону жактай турганын белгиледи. Анын максаты – Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын жана алардын зарыл керектөөлөрүн бирдей эске алуу. Ушундан улам төмөнкүдөй сунуш кылынган практикалык чараларды санап өттү.

Биринчиден,Фонд адегенде түзүлгөндөй жана  иштегендей,   сууну  пайдалануу чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансы каражаттарын жана инвестицияларды чогултуп, иштетүү боюнча фонд болушу керек. Долбоорлор аймактагы бардык мамлекеттердин социалдык-экономикалык жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталууга тийиш.

Экинчиден,Кыргызстан Мамлекеттер аралык координациялык суу чарбалык комиссияны жана Туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттер аралык комиссияны жана алардын аткаруу органдарын Аралды сактоо эл аралык фондунун тутумунан чыгарууну сунуш кылат. Алардын ордуна суу-энергетикалык ресурстарды  комплекстүү  пайдаланууну камсыз кылуучу жана гидроэнергетика менен туруктуу өнүгүү аспектилерин эске алган жаңы органдарды түзүү мүмкүнчүлүгү каралсын.

Үчүнчүдөн, Аралды  сактоо  эл  ара-лык фондунун Аткаруу комитетинин Борбор Азия мамлекеттериндеги филиалдары жоюлсун. Алардын ордуна Аралды сактоо эл  аралык  фондунун  Аткаруу  комитетинин алдындагы Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлчүлүктөрү институтун киргизүү керек.

Төртүнчүдөн, Аралды сактоо эл аралык фондунун Ревизиялык комиссиясын жоюу. Фонддун финансы ишмердигин текшерүү көз карандысыз аудит негизинде жүргүзүлүшү керек.

Бешинчиден, Аралды сактоо эл ара-лык фондун уюштуруучу мамлекеттердин мүчөлүк акы төлөө системасын региондо-гу  мамлекеттердин  керектөөлөрүн  жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кайра карап чыгуу. Мүчөлүк акы төлөө ыктыярдуу негизде болушу керек.

Алтынчыдан, Фондду реформалоодо БУУ, ШКУ ж.б. сыяктуу эл аралык уюмдардын тажрыйбасын эске алуу.

Жетинчиден, Аралды сактоо эл аралык  фондунун  келишимдик-укуктук  базасын  инвентаризациялоо  жана  жогоруда  айтылган  сунуштарга  шайкеш келтирүү  максатында  Фонддун  тутумун оптималдаштыруу.

Мамлекет башчы Борбор Азияда суу-энергетикалык  ресурстарды  комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу кызматташуу максатында региондогу өлкөлөр ортосундагы туруктуу диалогдун жана өз ара активдүү аракеттенишүүнүн маанисин да баса белгиледи.

«Жогоруда баяндалган өзгөчө позициябызды эске алуу менен кыргыз тарап Саммиттин жыйынтыктоочу документтерин, анын ичинде Биргелешкен коммюникени кароого жана кабыл алууга катышпай турганын белгилегим келет. Борбор Азия мамлекеттери жогоруда мен белгилеп өткөндөй, Фонддун жана анын органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Бор-бор Азиядагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын жана зарыл керектөөлөрүн эске алуу менен Аралды сактоо эл аралык фондун ар тараптан реформалайт деп ишенем. Ошондон кийин кыргыз тарап Фондго толук форматта катышууну жандандырууга даяр», – деди ал.

С.Жээнбеков сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасы биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында суу-энергетикалык маселелердин бардык спектрлерин талкуулоо үчүн ар дайым ачык экенин да баса белгиледи.

Эскерте  кетсек,  Саммитке  Фонддун уюштуруучу  мамлекеттеринин  башчылары — Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев катышышты.

Т.ИСХАКОВ