Эл башынын айтканын унуттуңузбу, Жунусов?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Түркиядагы ишкерлер Бишкек шаарында органдарды алмаштырган заманбап оорукананы бекер куруп берүүнү көздөгөнүн Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинде эмгектенген мекендешибиз Закир Азизов айтып берди.

— Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий иш сапары менен барганда ал жактагы кыргыз диаспорасы менен жолугушкан. Президентке Кыргызстандан 100дөй студентти Инөнү университетинде жатаканасына чейин берип, бекер окутуу жана Бишкек шаарында органдарды алмаштырган оорукана куруу боюнча долбоорду, ал долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстан тараптан кат керектигин айткам. Түркияда ири компанияларга ээлик кылган ишкерлер оорукананын курулушун жана медициналык аппа-раттардын алынышын каржылап, оорукананын имаратын бекер эле салып берели деп жатышат. Ал эми мен иштеген университеттин ректору Ахмет Кызылай “Менин дагы ректорлук кызматта иштешиме 2 жыл калды. Мен кеткенден кийин мындай шарт түзүлбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан-дан балдарды бекер окутуу боюнча тараптардын ортосундагы макулда-шуунун негизинде келишим түзүлүп калсын”, – деди. Курула турган оорукана жеке менчик эмес, мамлекеттин эсебинде болот.

Ошол жолугушууда Сооронбай  Шарипович  бул  маселени Түркиядагы Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусовго дайындаган. Ал эми элчи расмий катты кечиктирип жатат. Оорукана ку-рулуп калса, элибиз үчүн жакшы шарт түзүлмөк. Чет өлкөлөргө барбай, өзүбүздөн эле дарыланышмак. Дүйнөлүк деңгээлдеги профессорлор, докторлор биздин дарыгерлерге өз тажрыйбасын үйрөтмөк. Кыргызстанга оорукананы бекер куруп берели деген ишкерлер да айтылган  сунуштары  убагында аткарылбаса, андан баш тартып коюшу ыктымал.