Бишкек-Ош унаа жолунда унаадан өрт чыгып, бир адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан өрт чыгып, бир адамдын өмүрүн алып кетти. 23-майда 22.00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 307-чакырымында  жүк ташуучу унаа менен күйүүчү май тарткан  унаа кагышып, натыйжада күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып оодарылып күйүп кеткен. Кырсыктан өрт  чыгып, күйүүчү май тарткан унаанын айдоочу каза тапкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми экинчи жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын ооруканасына жаткырылган.