Акыркы алты айда тышкы карыз азайды: кантип, эмненин эсебинен?

Финансы министрлигинин билдиргенине караганда, акыркы 6 айда Кыргызстандын тышкы карызы 272 миллион долларга азайган.

Эл аралык валюта фондуна карыз 17 млн.го, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына карыз 14 млн., Азия өнүктүрүү банкына карыз 12 млн., KfW немец банкына карыз 3 млн., Европа Биримдиги, Кувейт фонду жана Түндүк өнүктүрүү фондуна болгон карыздар 1 млн. долларга кыскартылган. Тышкы карыздын азайышына Россия 240 млн. доллар карызын кечип койгону башкы себеп болгон. Ошентип, биз улуу кошунабызга карызыбыз жок.

1-июлга карата, Кыргызстан чет элдик насыя берүүчүлөргө 3 млрд. 809 млн. доллар карыз. Евразия өнүктүрүү банкы, Жапон Эл аралык байланыш агенттиги, Кытайдын экспорт-импорт банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Жапон Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду жана Сауд Арабия-сы өнүктүрүү фондуна болгон карыздарыбыз ушул сумманын ичинде.