Кант авиабазасынын кызматкери эне-баланы сүзүп, аял каза тапкан

27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен аялды сүзгөн. Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Адам өмүрүн алган жол кырсыгына катышкан айдоочу Кант шаарында жайгашкан Россиялык аскер авиабазасынын кызматкери экенин «Кабар» агенттиги мекеменин басма-сөз кызматына шилтеме жасап, жазып чыкты.