Алтай цивилизациясы — көчмөн элдердин баскан изи

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


27-август күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясынын иши башталды. Ага Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархана Кыдрали, ПИАКтын башкы катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле жана көптөгөн окумуштуулар катышты.

Алтай кыргыздар үчүн өзгөчө сезим жаратат

Аталган иш чарада сөз сүйлөгөн мамле-кет башчы Сооронбай Жээнбеков: «Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрдүн эл аралык туруктуу конференциясы дүйнөнүн булуң-бурчунан илим-поздорду чогулткан эл аралык аянтча болуп эсептелет. Бул конференция алтымыш жыл мурда, 1957-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн 24-эл аралык чыгыш таануучулар конгрессинин чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери алтай таануучулардын эл аралык конференциясы жыл сайын өткөрүлүп келет. Мындай туруктуулук Алтай мурасы, тарыхы менен маданиятына кызыгуунун жогору экенин билдирет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Президент бул долбоорду 2007-жылдан бери жетектеп келе жаткан Берлин университетинин түрк таануу институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкелеге рахмат айтып, эл аралык конференцияны 2018-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү демилгесин колдогондугу үчүн ага жана конференциянын өткөн жылкы төрагасы венгриялык профессор Акош Апотоцкиге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле конференцияга катышып жаткан белгилүү Алтай таануучу илимпоздорго да ыраазычылык айтты.

«Жыл сайын өтүп туруучу эл аралык конференция илимпоздор үчүн Алтай цивилиза-циясына таандык элдердин мурасы, тили жана маданияты жөнүндө илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын талкуулап, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ. «Улуу Манас бабабыздын Алтайда төрөлүшү эле кыргыз баласынын жүрөгүндө Алтай тууралуу өзгөчө ыйык, өзүнө тарткан, терең сезимдерди жаратат», — деп айтты Президент.

Белгилей кетүүчү жагдай – бул конференция илимпоздор үчүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу, абройлуу окумуштуулар менен баарлашуусуна жагымдуу шарт түзөт. Өткөн жылы Кыргыз Республикасында өткөн «Ал-тай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин форуму» ушул эл аралык абройлуу конфе-ренциянын максаттарына үндөш болду. Бый-ылкы эл аралык конференциянын Кыргызстанда болуп жатканы кубандырбай койбой турганына токтолгон Мамлекет башчы Алтай цивилизациясы менен байланышы бар элдер үчүн гана эмес, башка элдер үчүн да өтө маанилүү болгон конференциянын максаттарын белгиледи.

«Алтай цивилизациясынын байыркы тарыхын, каада-салттарын, бай маданиятын изилдөө — мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдеп, элдердин ортосунда тынчтыктын көпүрөсү болот. Тил жана маданий мурастарыбыздын жалпылыгына таянып, биз аны Алтай тектеш элдеринин жаңы өнүгүү ресурсуна айландырышыбыз керек. Эл аралык Алтай конференциясынын 61-сессиясы кыргыз жеринде, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатат. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде көп континенттердин спорт, маданият жана илим өкүлдөрүн чогултуп жатабыз. Спортту гумандашты рууга, табиятка туура мамиле жасоого багытталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кош келиңиздер», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Алтайистика конференциясы тарыхты тактайт

Аталган жыйын дээрлик бир аптага уланып, 3-сентябрга чейин болмокчу. Ага бир нече өлкөдөн келишкен жана жергиликтүү илимпоздор катышат. Иш-чара Билим берүү министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын, Президенттин аппаратына караштуу «Мурас» фондусунун жана башка уюмдардын уюштуруусунун аркасында өтүп жатат. Ага АКШ, Орусия, Япония, Германия баштаган 17 өлкөдөн 185тен ашык илимпоз катышууда. Конференция 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында уюштурулуп, бул жыйынга келген чет өлкөлүк коноктор Көчмөндөр оюнунун ачылышына сый конок катары катышат.

Памир-Алай, Тянь-Шань тоолорунан Саян-Алтай, Энесайга чейинки аралыкты ээлеген аймактын табияты дээрлик окшош. Ушул аймакта көптөгөн элдердин улут болуп калыптануу процесси жүрүп, азыркы күнгө чейин ошол кездердеги маданияттын издери сакталып калган. Тарыхта белгилүү болгон элдердин Улуу көчү дал ушул Алтай цивилизациясы менен байланыштуу. Маданияттар жуурулушуп тилдик, антропологиялык жана ра-салык өзгөрүүлөр жаралган. Гунн-дардын, Түрктөрдүн, Кыргыздардын, Монголдордун, Мамлюктардын, Тимурийлердин, Осмонийлер-дин, Австро-Венгерлердин империяларынын жаралышына түрткү болду. Бул жөнүндө тарыхый эстеликтер бар. Ошол улуу тарыхтын мураскерлери үчүн бул булактар өтө баалуу. Мисалы, Орхон-энесай жазуулары, анын ичинде Барсбек каган тууралуу жазма эстеликтер, ошондой эле кыргыздын Улуу дөөлөтү жөнүндө маалыматтарды баса белгилесек болот.

Бул  конференциянын  мааниси  тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов: «60-эл аралык жыйынга барып, Кыргызстан Алтай тилдеринин, көчмөн оюндарынын борбору, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт деп жатып, 61-конференцияны бизде өтүү мүмкүндүгүн алганбыз. Бул конференциянын мааниси абдан зор. Анткени кыргыз эли өз мезгилинде жалпы Алтай, Эне-Сай аймактарын мекендеп, керек болсо ошол жакта өзүнүн империясын курган. Ошондуктан Кыргызстан келечекте Алтаистика боюнча борбор болуп калышы керек. Бул демилгени мурдагы Президент дагы, азыркы Президент дагы колдоп, Кыргызстанга Алтаистика боюнча борбордук изилдөө институтун ачып, ушул тармактагы изилдөө максатталган. Буюрса, алар четинен ишке ашып жатат», — деп билдирди.

Конференциянын жыйынтыгында алтай цивилизациясынын белгисиз тараптары туу ралуу атайын жыйнак чыгарылат. Ошондо кыргыздардын көчмөндөр цивилизациясында ойногон ролу тууралуу кенен маалыматтар тастыкталат. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанда өтүп жатышы кыргыздарды көчмөндөрдүн салттарын сактап калган эл катары таанытат деген ойдобуз.