Токмокто жергиликтүү кеңештин депутатты бир кишини бычактап салганы айтылууда

26-август күнү Токмокшаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитов мал базарынан Талантбек Жамангулов аттуу жаранды бычактаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин «Адамдын өмүрүнө кол салуу» беренеси менен иш козголду. Бирок шектүү кармала элек.

Учурда бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.