Азиада-2018: Дарья Маслова «алтындын» артынан “күмүш” тагынды

Жеңил атлетчи Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында 5000 метр аралыкка чуркоодо күмүш медаль утуп алды.

Ал финиш сызыгын 15:30.57 жыйынтыгы менен кесип өткөн. Бул аралыкта биринчи орунду Бахрейнден келген спортчу Калкидан Бифкаду (15:08.08) утуп алган. Ал эми коло медалды дагы бир бахрейндик спортчу Бонту Ребиту 15:36.78 жыйынтыгы менен утуп алган.

Эске сала кетсек, Маслова буга чейин 10 миң метр аралыкта алтын медалды жеңип алган.

Натыйжада Кыргызстандын капчыгында 2 алтын, 6 күмүш жана 9 коло болуп, жалпысынан 17 медаль болду.