Элибиз эчен кылым эңсеген улуу күн

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыздын “өз алдынча түтүн булатып” деген жөнөкөй сөзү бар. Болгону бир үй-бүлөнүн тегерегинде айтылгандай туюлганы менен бул сөздүн мааниси кыргыздын тарыхындай терең. Анткени мамлекет деген чындап келсе, бир үй-бүлөдөй эле. Бирок, мамлекет катары өз түтүнүн булатып, өз түндүгүн көтөрүп кетүү кайсы доор, кайсы заман болбосун оңой эмес. Бирде Каганат катары канат жайып, бирде Манасында айтылгандай “өчкөн сайын өөрчүп, түгөнгөн сайын түтөгөн” кыргыз элине дем берген улуу күч – бул мамлекеттүүлүккө болгон умтулуусу болду.

Ушул жагынан алганда ак калпагын башынан, ар намысынын колунан түшүрбөй, кыргыз атын өчүрбөй, Ала-Тоодой жерди, Ысык-Көлдөй көлдү ата мурас калтырган байыркы бабаларыбыздын тарыхка тамгадай ба-сылган даңазалуу улуу жолуна бир жагынан сыймыктансаң, бир жагынан ошол оор жүктү – элибиздин таш карыткан улуу көксөөсүн, бүгүнкү Эгемендигибизди – муундан-муунга өткөрүү милдети мойнубузда турганын кыргызмын деген ар бир атуул сезбей койбойт.

1991-жылдын  31-августунда  Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын мамлекет-тик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация” кабыл алынганын баарыбыз эле жадыбалдай жат билсек керек.

“Эгемендүү эл болдук… Эчен элге тең болдук”, — деп айтылат Манасыбызда. Бул сөз“көз карандысыз” деген сөздүн накта маани-маңызын берип тургандыктан, ошондон бери 31-августту — Кыргызстандын Эгемендик күнү катары белгилеп келебиз.

Убакыт  учкул.  Эки  күндөн  кийин Эгемендүүлүктүн  28-жылдыгын  майрамдайбыз. Бул жогоруда айтканымдай “кыргыз кыргыз болгону, кыргыз атка конгону” эңсеген улуу күн! Эч кандай пафосу жок айтканда жаңы доордо, элибиз өз алдынча түтүн булатып, түндүгүн көтөрүп, туусун желбиретип, ааламдагы азуусун айга жанган мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүп турган бул күндөрдө жашап жатканыбыздын өзү – чексиз бакыт экенин ар бирибиз туюшубуз керек!

Дагы эле кыргызча айтканда, байыртадан ата-бабалар көксөгөн, тилеген күндөргө өзүбүз күбө болуп жатканыбыз бакыт эмей эмне!

Ушундан уламбы:

Эгемен туубуз калкылдап,
Эт жүрөктөр балкылдап,
Аны сезип тургансып,
Айланайын Ала-Тоо,
Ак мөңгүсү жаркылдап.
Эчен доордон эңсеген,
Элимдин бүгүн майрамы!
Жете берсин кылымга,
Желбиреп кызыл байрагы!… деген да кайдан-жайдан эргүү саптары келе калмайы да бар!

Мамлекеттин көз карандысыз болушу, бир гана улуттун умтулуусуна эмес, тарыхый кырдаалга да байланыштуу экендигин ошол эле тарых тастыктайт. Айталы дегенибиз, Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет катары түндүк көтөрүшүнө, биринчиден тарыхый шарт, экинчиден, керегесин кеңитип, уугун сайып кеткен улут лидерлери да өбөлгө болгон.

Эң  биринчи  СССРдин  улут  саясатынын шарапаты менен 1924-жылдын 14-ноябрында Кара-кыргыз автономиялык облусунун, 1925-жылдын 25-майында Кыргыз автономиялуу облусунун, 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРинин түзүлүшү, кийин СССРдин тутумунда (1936-жылдын 5-декабрында) Кыргыз Республикасы болуп түзүлүшү, анын башатында Жусуп Абдракманов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Абдыкадыр Орозбеков ж.б. ондогон кыргыздын алысты көрө билген, көсөм уулдарынын тургандыгы, бүгүнкү Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет катары түптөлүшүнө пайдубал болуп берген.

Тилекке каршы, 28 жылдык эгемендүүлүгүбүз дүн тарыхында Кыргызстан кылымга тете күндөрдү башынан өткөрдү. Элин саткан, жерин саткан, анын айынан Ала-Тоодон куулган президенттерди да көрдүк. Жөн эле куулган жок, абалтадан адилетсиз бийликти жактырбаган элибиз каныжанын берип атып кууп жиберген. Ушул куттуу күнү аттарын да атагыбыз келбеген алар, жогоруда сыймыктануу менен сөз кылган Жусуп Абдракманов баштаган улут лидерлеринин тырмагына да арзыган жок. Ал эми кесепетин күнү бүгүн тартып жатабыз.

Бул арада карапайым элибиз өз киндигин өзү кести. Жумушсуздуктун айынан жүз миңдеген мекендештерибиз “мигрант” аталып, чаар баштык артынып Россия, Казакстанга чыгып кетишти. Мигранттарыбыздын тапкан-ташыганына кубанганбыз менен алардын балдары чет өлкөлөрдө эр жетип, эне тилин билбей, тили-дили башка чөйрөдө өсүп жатканы, биз өңдүү бир ууч кыргыз элинин келечегине көлөкө түшүрүп коебу деп ойлойсуң.

Эгемендикти оозанганда, сөзсүз элдин эртеңкиси эске түшөт. Мамлекетте бүгүн бай-калбаганы менен кийин соңу улутка коркунуч келтирүүчү кырдаалдарды алдын алуунун мааниси абдан зор. Өткөн 28 жылдын аралыгында дин тутуу эркиндигин бетке карманган, ар кандай диний агымдардын Кыргызстанга күргүштөп кирип, өзү акчу өзөн-сайларды таап алышы, чоң кооптонууну жаратып турат. Анын ичинде эртең эле радикалдашып кетүүгө даяр турган исламдын агымдары да бар. Мектептен мечиттердин санынын көбөйүп баратышы жакшы жышаан эмес.

Эгемендик мезгилдеги айыкпаган эски оорубуз, бул – коррупция.

Президент  Сооронбай  Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатынын өзөгүн да – ушул коррупцияга каршы күрөшүү түзөт. Көрүп жатабыз бул багытта кырчылдашкан, аёсуз күрөш жүрүп жатат. Эртерээк жемишин берсе экен деген ойлорго жетеленесиң.

Жыйынтыгын айтканда, Кыргызстаныбыздын Эгемендик күнү кут болсун! Анын телчигип кетиши, ар бирибиздин колубузда. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, элибиздин колунан келбеген эч нерсе жок! Түбөлүгүбүз түз болсун, улуу журтум!