Таланттуу кинорежиссердун үйү жок

«Ыйлаба керик!» көркөм тасмасы менен тушоосу кесилип, «Шайтан көпүрө», «Жайык», «Сырга», «Ордо», «Парз», «Белгисиз маршрут», «Кумар», «Түнкү кырсык» жана «Кош келиңиз, президент мырза!» өңдүү даректүү жана көркөм фильмдери менен көрөрмандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон кинорежиссер Т.Бирназаровдун тарткан тасмалары эл аралык сыйлыктардан куру кала элек.

Анын тасмалары ар жагы Америка, бер жагы Франция, Португалия жана Италия баштаган шаарларда өткөн эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундар менен кайтып жатты. Быйыл да Т.Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасы Таллин шаарында өткөн «Темные ночи» эл аралык кино-фестивалында баш байгени багынткан, эми ошол тасмасын Кытай мамлекети прокатка сатып алмай болду.

Айтор, Темирдин чыгармачыл жагында эч айып болбогон менен, эки кыз, бир уулдун атасынын, ондогон жаш киночулардын устатынын үйү жок экен.