Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот МИРЗАХМЕДОВ: “Жети айда түрдүү кырсыктардан 110 адам куткарылды”

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


АМАНГЕЛДИ, Ат-Башы району,

–  Нурболот  Сабиржанович, министрликке тиешелүү канча вертолет бар? Министрлик вертолетту коммерциялык максатта колдонот экен деген пикирлер чынбы?

– Министрликтин өзүнө тиешелүү 1 эле вертолету бар. Анын учуу мөөнөтүү небак бүтүп, эскирип калган. Жалгыз вертолеттун  токтотулганына 4 жылга жакындады. Бүгүнкү күндө аны толук оңдоодон  өткөрүү  үчүн 230 млн. сом керек болуп жатат.  Вертолетту  Рос-сиядан  гана  оңдоодон өткөрө алабыз. Өзгөчө кырдаалдар  болгон учурда  КРнын  Куралдуу  күчтөрүнүн Башкы  штабынын же  Казакстандын вертолетторун  келишимдик  негизде сурап алып кол-донобуз.  Вертолет тоо догу көлдөрүбүздүн өзүнүн белгилүү көлөмүнөн ташып агып кетпөөсүн  көзөмөлдөп турууга  көбүрөөк  керек. Азыркы күндө көлдөрдүн абалын биздин кызматкерлер өздөрү вертолетсуз чыгып барып көзөмөлдөп жатышат. Андан тышкары, көлдөргө суунун толушун спутник аркылуу көзөмөлдөп жатабыз. Аскадан кулап жаракат алган альпинисттерди куткарууга КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын вертолетун алуудабыз. Талас тоолорундагы өрттү биз вертолету жок эле толук өчүрдүк. Өзгөчө зарыл болгон учурда жогорудагыдай негизде вертолет менен жардам берүүгө даярбыз. Андыктан, министрликтин коммерциялык максатта вертолет колдонушу мүмкүн эмес.

ГҮЛМИРА, Бишкек шаары:

–  Нурболот  Сабиржанович, ӨКМде  коррупциянын  алдын алуучу иш-чаралар жүргүзүлүп жатабы? Министрликтин Коомдук байкоочу кеңеши эмне иш кылып жатат? Жасаган иши байкалбаган байкоочу кеңештерден пайда барбы?

– Бүгүнкү күндө министрликтин Коомдук байкоочу кеңеши иштеп жатат. Алар кемчиликтерибизди көрсөтүп, кайсы бир жарандан даттануу түшсө бизге айтып турушат.  Министр  аймактардагы  бардык көйгөйлөрдү 100 пайыз жетишип билиши кыйын. Ошондуктан байкоочу кеңеш аркылуу жеткен маалымат мен үчүн да абдан керек. Мамлекеттик органдардын ачык жана таза иштөөлөрү үчүн байкоочу кеңештер белгилүү деңгээлде өз жумуштарын жүргүзүп жаткандыктан алардын коомубуз үчүн пайдасы бар деп ойлойм. Ал эми коррупциянын алдын алуу боюнча министрликтин иш-чаралары бекитилген. Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүндө же кээ бир жерде биздин кызматкерлерге нааразычылыктар чыгып калса, аларды четтетүү боюнча чаралар көрүлөт. Биздин структурада курулуш материалдарынан же финансылык жагдайда коррупциялык көрүнүш жок. Бирок, шаардагы курула турган көп кабаттуу үйлөргө өрт коопсуздугу боюнча туура эмес корутунду берген кызматкерлердин үстүнөн укук коргоо органдары тарабынан иш козголгон факты бар.

НУРКАМИЛ, Каракөл шаары,

– Бишкек – Ош жолунда жол кырсыгы көп болуп, жарандардын өмүрү кыйылууда. Күйүүчүмай ташыган машинелер оодарылып, өрттөнгөнү да толтура. Эки күн мурда Каракөлгө жакын жерде оор жүк ташыган машине өрттөндү. Кырсыктарды азайтууга болобу?

– Кыргызстанда жол кырсыгынын 90 пайызы ылдамдык эрежесин сактабагандыктан болууда. Жол кырсыгынын чыгыш себебин иликтөө боюнча ИИМ иш жүргүзөт.  Ал  эми  машинелер  жолдон күйүүчү майды канча тонна ташып өтүүсүн көзөмөлдөө Транспорт жана жолдор министрлигине тиешелүү. Жол кырсыгы катталган жерге биринчи барып, адамдарды куткаруу иштерин жүргүзүү биздин милдет. Кыш түшүп, кар калың жааган күндөрү жарандардын коопсуздугу үчүн ашуудагы жолдорду жаап, кар көчкү коркунучу туулганда мобилдүү топторду түзөбүз. Биз мындан ары Суусамырда 30га жакын куткаруучуну жана атайын техникаларды кармап турууну пландаштырып жатабыз. Кыштын катаал күндөрү жол жабылганда биринчи жардамга бара турган куткаруу-чулар тобу жарандарга жардам көрсөтө баштайт.

НАДИРА, Сокулук району:

–  Белгилүү  журналист  Улан Эгизбаев Чолпон-Атадагы “Акун” пансионатында чөгүп кеткенден кийин коомчулукта чоң чуу чыкты. Пансионаттарда суучул куткаруучулар жетишпей турганы ачыкталды. Аларды даярдоодо кандай иштер жүрүп жатат?

– Ар бир пансионат куткаруучулар менен камсыздоого милдеттүү. Ал эми аларды окутуп, сертификат берүүнү биздин министрлик Суучулдар кызматы аркылуу жүргүзөт. Быйылкы жылы Чолпон-Атада 137 адамды суучул куткаруучулукка окуттук. Кыргызстанда жалпысынан 194 адам суучул куткаруучулук багытында окутулуп сертификат алышты. Учурда Ысык-Көлдөгү 200дөн ашык пансионаттын болгону 80ден ашыгында гана суучул куткаруучулар бар.

– Элге түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлүп жатабы?

– Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча 123 адам сууга чөгүп каза болду. Булардын баары эле көлгө түшүүдөн эмес, айрым жарандар мал айдап бара жатып сууга агып кеткен. Жол кырсыгынан машине оодарылып, “Чычкандын” суусуна агып мерт болгондорду да жалпысынан сууга чөккөндөрдүн санына киргизебиз. Өткөн жылдын ушул мезгилине карата Чүй облусунда 38 адам сууга чөккөн. Быйылкы жылдын башынан бери 30 адам суу-дан мерт кетти. Көрүнүп тургандай, Чүй облусунун жетекчилигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын сууга чөгүүнү кыскартуу боюнча аракеттери натыйжа берди. Сууга чөгүү коркунучу бар жерлерге  эскертүүчү  шиттерди орнотушту. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү биздин жер-жерлердеги өкүлдөрүбүздүн дагы милдети. Андан тышкары, укук коргоо органдары менен биргеликте рейддер жүргүзүлдү. Электр энергиясынын  дүмүрчөгүнүн  аркасына 23 миңге жакын эскертүүлөрдү жазышты. Уюлдук телефондорго СМС жиберип эскертип  келе  жатабыз.  Ал  эми  Ысык-Көлдө былтыркыга салыштырмалуу сууга чөгүп каза болгондордун саны арбын. Мунун бир себеби сууга түшүүчү туристтик мезгил кечирээк башталып, күн ысыганда эл көлгө жапырт тартылышты. Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата Ысык-Көлдө 14 адам сууга чөккөн болсо, быйыл ал 22ге жетти. Пансионаттардын жетекчилеринин суучул куткаруучулардын кызматынан пайдаланууга кайдыгер караганынын кесепети да тийди. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү четтетүү максатында биздин министрлик суучул куткаруучулардын бирдиктүү ассоциациясын түзүү максатын көздөп жатат. Анткени, ар бир пансионат алар менен иштөөдө бирдиктүү эрежелер менен талаптарды сактап, башаламан иш жүргүзүүдөн баш тартуулары керек. ӨКМ учурда бул боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Мен мыйзам долбоору боюнча кызматкерлерибизге өз сунушумду берип, ойлорумду айттым. Мыйзам долбоору пансионаттардын жетекчилери менен кошо жалпы талкууланат. Семинар, конференциялар өткөрүлөт. Жалпы коомчулуктун, айыл өкмөттөрдүн да оюн угуу керек. Себеби, пансионаттарга тиешелүү пляждар бар. Андан тышкары, эч ким жоопкерчилик тартпаган, бирок айыл өкмөттөрүнүн аймагына кирип, ээн жаткан пляждар да аз эмес. Буюрса, аракетибизден натыйжа чыгарабыз. Келээрки жылдын жайкы туристтик мезгилинде Ысык-Көлдө сууга чөгүү кырсыктарын кескин кыскарта алабыз деп ойлойм.

КЕРИМ, Аламүдүн району:

– Чүй облусу менен Казакстандын ортосундагы Чүй суусунун Кыргызстандын чек ара тилкеси тарабын жырып агуусунан чек сызыгынын ортодогу белгиси бир нече метрдей ичкери жылып кетиптир. Бульдозер менен жээкти бүтөбөйсүңөрбү?

– Экинчи суроом: Бул министрликти ишкер да, саясатчы да, генерал майор да жетектеп келди. Ал эми сиз экономист экенсиз. Деги ӨКМны кандай кесиптеги адам жетектеши керек деп ойлойсуз?

– Туура айтасыз. Чүй дарыясы боюнча көйгөйлөр бар. Өткөн жылдан баштап, Өкмөт Чүй дарыясына акча бөлө баштаган. Былтыр 100 млн. сом акча бөлүнгөн болсо, быйыл дагы 100 млн. сом акча каралып, эл жашаган жерлер тосулуп жатат. Ал жердебульдозер менен курулай убара тартып, убактылуу тосмо жасай берүүгө болбойт. Мамлекеттин акчасын сууга агызгандай иш болуп калат. Бүгүнкү күндө ал жакка дамбалардын капиталдык курулушу талап кылынып жатат. Муну жакынкы беш жылда жасап бүтүрөбүз деп турабыз. Суунун Кыргызстан тарапка жырылып агып калуусуна өзүбүз тарапта да күнөө бар. Айрым жеке фирмалар Чүй суусунун биз жактагы жээгинен шагыл таштарды сузуп ала бергендиктен суу бизди көздөй ичкери агуусуна өбөлгө түзүп салышкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эки дарыянын – Чүй жана Көк-Арт дарыяларынын жээгинен шагыл таш алган фирмалардын лицензиясын кайра кайтарып алуу боюнча тиешелүү органдарга сунушубузду бердик. Шагыл таштарды казып алуу иштерин ӨКМ жана жергиликтүү органдар-дын макулдугу менен берүүнү сунуштадык.

Экинчи сурооңузга келсек, ооба кесибим экономист. Бирок, мен сегиз жыл бою Сузак райондук администрациясын жетектедим. Өзүңүздөр билгендей, Сузак району өлкөдөгү жаратылыш кырсыктары эң көп катталганы боюнча кооптуу аймактардын ичине кирет. Ал жерде өзгөчө кырдаалдардын көйгөйүн чечүүдө чоң тажрыйба топтодум. Мен үчүн министрликтин ишинде тааныш эмес нерсе жок.

КАЛМЫРЗА, Талас облусу:

– Таластын Алмалуу коругундагы өрттү бир нече күн өчүрө албай койдуңуздар. Өрттөлгөн аянттын чыгымы канча болду? Техникалар жетишпей жаттыбы?

– Өрт адегенде Казакстан тараптан чыгып, Талас аймагына өтүп кеткен. Таластын облустук администрациясы баш болгон жергиликтүү органдар өрттү үч ирет өз күчү менен өчүрүүгө жетишкен болчу. Андан кийин төртүнчү жолу чоң өрт каптаганда биздин министрлик Бишкектен 80, Ташкөмүр шаарынан 60 куткаруучуну жөнөттү. Андан тышкары, биз Казакстандын тиешелүү органдарына өрттү өчүрүү тезинен олуттуу түрдө колго алынбаса, биздин аймакка зыян алып келип жаткандыгы боюнча кат жөнөттүк. Таласка өзүм барып, окуяны жеринде көрдүм. Орун басарым да барып турду. Казакстан вертолетторун, 100дөн ашык куткаруучуларын жиберип, өз тарабындагы өрттү өчүрүүнү колго алышты. Ошого карабай ар кайсы жерден өрт улам тутанып жатты. Өрт өчүргүчтөрүбүз тилсиз  жоо  биротоло  өчүп  бүткөнгө чейин ал жакта болушту. Бизден көбүнчө  арча, карагайлар өрттөнүүдөн чыгым болду. Учурда келтирилген жалпы чыгым эсептелинип жатат.

АНАРА, Бишкек шары:

–  Нурболот  Сабиржанович, Бишкектин түштүк магистралында 24 кабаттуу үй курулат деген маалыматтар бар. Кудай анын бетин ары кылсын, эң жогорку кабатынан өрт чыгып кетсе  ӨКМнын  ага  чыгып  барууга керектүү техникалары жетиштүүбү?

– Абдан туура суроо бердиңиз. Бүгүнкү күндө тогуз кабаттан бийик үйлөргө чыгуучу бир эле шатылуу техникабыз бар. Ал дагы абдан эскиргендиктен оор абалда турат. Ал эми калгандары 9 кабатка гана жете алат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Түркия мамлекетинин кредити каралган. Буюрса, кредит маселеси мамлекет башчыларынын деңгээлинде биротоло чечилип калса, керектүү техникаларды алып келүү боюнча тендер жарыялайбыз. Бийик кабаттуу үйлөрдү курууга керектүү техникалар биринчи кезекте Бишкек жана Ош шаарларына жеткирилип коюлат. Ошол эле учурда өрт өчүрүүчү машинелердин тартыштыгы республика аймактарында чоң көйгөй туудуруп жатат. Небак эле эскилиги жетип, иштен чыгарып салуучу машинелерди кайра оңдоп иштетүүгө аргасыз болуудабыз. Айрым учурда машинелерибиз чакырган жерге жетпей жолдо бузулуп калган окуялар бар. Кээ бир райондордо өткөн кылымдын 80-жылдарындагы машинелер турат. Аймактар үчүн быйылкы күздө же келерки жылдын жазында Кытайдын грантына 100гө жакын техникалар алынып келингени жатат. Ушул максаттарыбыз ишке ашса, мен айткан көйгөйлөр дээрлик четтетилет. Мындан тышкары, жабдууларды жаңыртып алууга мамлекеттик бюджеттен 4 млн. сом каралып жатат. Мисалы, эскилиги жетип суу агып калган шлангдарды жаңыга алмаштырып, өрт өчүрүүчүлөр үчүн кийимдерди сатып алабыз. Булар боюнча тендер өткөрүлүп жатат.

АЙЫМ, Сокулук району:

–  Жаратылыш  кырсыктары Кыргызстандын  кайсы  аймактарында көп катталып жатат?

– Табигый кырсыктардын 80 пайызы республиканын түштүгүндө болуп турат. Анын эң кооптуу жерлерин атасак, Баткен облусунун Лейлек, Ош облусунун Өзгөн, Жалал-Абад облусунун Сузак райондору. Сузакта жер көчкүлөр кооптуу, ал жактагы чоң дарыянын нугу бузулуп, суу каптоолор болот. Өзгөндө жер көчкү менен сел, Лейлекте таш кулоо менен сел коркунучу арбын катталып келет. Биз бул аймактардын дамбаларын куруу, сел каналдарын тазалоо иштерин аткарабыз. Техникалар менен жолдорду ачып, алгачкы жардамдарды көрсөтөбүз.

ӨКМ кайсы жер кооптуу экенин айтып, аныктамаларды берип, эскертип турат. Кооптуу жерлерден көчүрүп чыгаруу, жашоого, тиричилик өткөрүүгө ыңгайлуу жерден участок бөлүп берүү жергиликтүү бий-иктин милдетине кирет. Бүгүнкү күндө жер көчкү болуусу аныкталган жерлерде 4618 адам жашайт. Анын ичинен 1857 адам коопсуз жерден участок бөлдүрүп, ссуда алып, бирок азыркыга чейин көчпөй жатышат. Мамлекеттен жардам ала элек 2761 адам бар. Ал эми жер көчкү, сел, таш кулоо, кар көчкү болушу аныкталган жерлерди кошкондо өлкө боюнча жалпысынан 5686 жаран кооптуу аймакта турушат.

РАХАТ, Жумгал району:

–  Кыргызстанга  Советтер Союзунан көптөгөн уулуу калдыктар көмүлгөн жайлар калды. Министрликтин уулуу калдыктардан зыянсыздандыруу боюнча программасы барбы?

– Республикабызда жалпысынан калдык сакталган 92 жай бар. Алардын ичинен 33ү биздин көзөмөлүбүздө жана 28и радиоактивдүү калдык сактоочу жайларга кирет. Эң кооптуусу — Миң-Куш менен Майлуу-Суу. Азыркы күндө Миң-Кушту коопсуздандыруу боюнча Россиянын “Росатом” компаниясы менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Ал үчүн Россия бизге 2 млрд. рубль каражат бөлүүдө. Калдык сакталган жайды коопсуз жерге көчүрүп чыгарып, көчкү жүрүшү күтүлгөн ошол аймакты толугу менен коопсуздандыруубуз керек. Ал эми Майлуу-Сууда да көчкү жүрүп кетсе, уулуу калдык сакталган жер козголуп кетүү коркунучу бар. Биз бул көйгөйдү Евросоюзга чейин жеткирдик. Жакында аталган маселе Вашингтондо боло турган жыйында көтөрүлөт. Андан жаңы долбоорлор үчүн инвестиция тартып келип, Майлуу-Суудагы калдык сакталган жайды коопсуз жакка көчүрүүгө аракеттенебиз. Бул эки жайдан башка уулуу калдык сакталган жерлерге мамлекеттен быйылкы жылга ка-рата 7 млн. сом көлөмүндө акча каралган. Ошол каражат аркылуу калдык сакталуучу жайлардын бузулуп, талкаланып калган жерлерин оңдоо, калыбына келтирүү иштерин аткаруудабыз.

КАНЫБЕК, Чоң-Алай району

–  Нурболот  Сабиржанович, ACTED эл аралык уюму Швейцариянын элчилигинин каржылоосу биздеги өткөн жылы болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга июлдун башынан бери курулуш материалдарынан  жардам  берүүнүн экинчи этабын баштады. Бирок, коррупция аралап кетүүсүнөн сактап, жеке өзүңүз көзөмөлгө алаласызбы?

– Каныбек, ал жакта эл аралык уюмдар жергиликтүү органдар менен иш алып баргандыктан, алардын ишине биздин министрлик кийлигише албайт. Ошондой болсо да, мен министрликтин ыйгарымынын чегинде коррупциялык иштердин болуп кетпеши үчүн көзөмөлгө алам.

ДИНАРА, Бишкек шаары

– “Үчүнчү көчмөндөр оюунунун” ачылышы өтө турган Чол-пон-Атадагы  стадиондо  жана “Кырчын” жайлоосунда өрт коопсуздугунун алдын алуучу иш-чаралар көрүлүп жатабы?

– “Көчмөндөр оюну” улуттук маданиятыбызды жайылтуучу туристтик артыкчылыгы бар чоң иш-чара болуп калууда. Ага бир нече мамлекеттин президенттеринин катышуусу күтүлүп жатат. Албетте, коопсуздук иш-чараларын өткөрүү биздин милдет да.

“КЫРГЫЗ ТУУСУНУН” суроолору:

–   Нурболот  Сабиржанович, Бишкектеги Ош базарын эки жолу чоң өрт капташына эмне себеп болуптур?

–  Ош  базарында  эки  жолу  ири  өрт чыкты. Анын экинчисине биздин адистер электр  жабдууларынан  эмес,  атайылап өрттөлгөндүгү боюнча корутунду чыгарып беришти. Анткени, өрт бир эле мезгилде үч жерден чыккан. Бүгүнкү күндө өрттүн чыгуу себептерин айныксыз так аныктаган заманбап лаборатория болушу керек эле. Кыргызстанда алгачкы жолу ошондой лабораторияны куруу үчүн Өкмөт мамлекеттик бюджеттен 10 млн. сом каражат бөлүп берди. Жакында лабораториянын курулушун баштаганы турабыз. Эгерде лаборатория курулуп, ишке берилсе Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун иши да бир кыйла жеңилдейт. Анткени, камсыздандырылган үйлөрдүн өрттөнүшүнө эмне себеп болгону айныксыз так аныкталып чыгат. Анын жыйынтыгы менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жабыр тартуучуга каражат берет. Россиядан лабораториянын жабдууларын алып келүү боюнча тендер жарыяланат. Адистерибиз Россиядан лабораториянын жабдууларынын иштеши менен таанышып, аны башкаруу боюнча окуудан өтүшөт.

– Министрликтин кырсыктардын алдын алуучу иштери тууралуу азын-оолак айтып берсеңиз.

– ӨКМ өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында бир топ жумуштарды аткарууда. Дамбаларды өз убагында куруунун негизинде 8321 кожолук, 7132 айыл чарба аянты, 3 көрүстөн, 2 көпүрөнү сактап калдык. Андан тышкары, бир топ аракеттерди көрүүнүн натыйжасында 2 электр чубалгысы, 10 көп кабаттуу үй, 11 ички көпүрө, 7,62 чакырым ички жол, 2 мектеп, 2 бала бакча, 30,5 га үлүш жер коопсуздандырылды. Жер көчкү коркунучу күтүлгөн жерлерге барып, эл менен жолугушуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Жалпысынан жети айдын ичинде ар түрдүү кырсыктардан 110 адам куткарылды.