Сапар Исаков 5-октябрга чейин камакта калтырылды

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусунун анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен жазылган арызын канааттандырган жок.

Биринчи май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 9-август күнү биринчи инстанциянын чечими Бишкек шаардык сотунда каралып,  чечим күчүндө калтырылган болчу.

Эскерте кетсек экс-премьер-министрге «2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деген айып тагылып, 5-июнда камакка алынган.