Ч.Айтматовдун өчпөс тагы – «Кассандра тамгасы»

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык эволюциясында “Кассандра тамгасы” романы анын “Кыяматтан” кийинки экинчи этаптык табылгасы катары каралат. Анын маңызын автор өзү «XX кылымдын эреси» деп аныктаган. Романды жазуучунун учурда адамзат цивилизациясы башынан өткөрүп жаткан экологиялык жана руханий кризиске карата жасаган өзгөчө бир интеллектуалдык-философиялык рефлексиясы катары кабыл алуу кажет. “Кассандра тамгасы” романы алгач 1994-жылы (Фридрих Хитцердин котормосунда) Zürich: Unionsverl – немис тилинде өзүнчө китеп калыбында басылып чыккан. Орус тилинде «Знамя»» (1994. №12) журналында жарык көргөн.

Айтматов бул китебине өзү өмүр бою өжөрлүк менен изденип жүрүп келген.  Жазуучу  басып  өткөн  адабий-чыгармачыл жолго серп салсак, ал ажайып “Тоолор жана талаалар баянынан” тартып, ортодогу “Кылым карытаар бир күн” менен “Кыямат” чыгармасынан терең философиялуу  “Кассандра тамгасы” интеллектуалдык романына чейинки узак аралыкта кандай татаал жана машакаттуу чыгармачыл узануу процессин баштан кечиргенин көрөбүз. Эгер ачыгын айтсак, Айтматовдун “Кассандра тамгасын” адегенде айрым адабиятчысынчылар менен көпчүлүк окурмандар анча жакшы кабыл алышкан эмес. Алар аны автордун мурдагы чыгармаларына салыштырмалуу адабий-эстетикалык сапаты анча эмес жана көркөмдүк шөкөттөлүшү да тумсак туундулардын катарына кошушкан.

Албетте,  азыркы  дүйнөлүк адабият өкүлдөрүнөн ким эле жер жүзүндө болуп жаткан антропологиялык кризистин тамырлары менен кесепеттерин Айтматовдон да өткөрө курч көрө билип, андан да ашыра терең жана көркөм аңдап, жалпылап жазып ийди дейсиң. Арийне, космостук Филофей кечилдин бейнеси сыяктуу бир катар жаңылыктарына карабастан, окурмандардын белгилүү бир  бөлүгү  менен  айрым  адабий адистер романды кантсе да көркөм сүрөттөп көрсөтүү кудурети жагынан баштагыларына караганда кыйла жармач абалда калган алешем чыгарма катары кабыл алышкан.

Романдын башталышына эпиграф катары – көзү ачык Кассандра жөнүндө көөнө мифтен үзүндү жана Екклесиастын: “Экөөнүн ичинен күн астында болуп жаткан жаман иштерди көзү көрүп жашай элеги эң бактылуу” – деген айтылуу сөзү алынган. Айтматовдун прозасына, анын кат-кат катмарланган чабыттуу татаал симфония тутумуна негизги тон берип турган камертон мына ушулар.

Романдын идеялык уңгусунда философиядагы таптакыр эки башка – экзистенциализм жана натурфилософия – агымдары эриш-аркак эришип уюп калгандай. Абай салсаң, чыгарманын өзөгүн мындай кой, аталышынын өзүндө да – контраст. Изилдөөчү Г. Гачев “анда Айтматовдун өзүнүн интеллектуалдык-көркөм өсүп-өркүндөөсүнүн эки уюлу эриш-аркак түйүлгөнүн: “тамганы” айылдагы ар жаш бала таанырын, а бирок Приам падышанын көзү ачык кызы Кассандра Троя кыйраарын алдын ала кыйытса, ага эч ким ишенбей койгонун билүү, – бул деген кылдат гуманитардык билимдин жана мүлдө адамзаттын ааламдык сюжеттери менен ой жоруунун орошон белгиси” экенин туура байкаган (Гачев Г. Задумавшийся скиф и космический монах // Свободная мысль. 1995. № 8).

“Бу жолу да Сөз болду. Качандыр бир кездегидей. Ошондогу өлбөс-өчпөс окуяда болгондой” – “Кассандра тамгасынын” баяны мына ушинтип башталат; Айтматов кайрадан классикалык чыгармага кайрылат. Идеялык-философиялык мазмуну боюнча, бул башталыш “Кыямат” менен “Кассандра тамгасын” байланыштырган жип болуп саналат. Экөөндө тең адамдын бүт күнөөсүн кең пейилдик менен кечирген мээримдүү сүйүү; куну канчалык кымбатка турары-на карабай, ааламды сактап калуу аракети. А бирок эң кейиштүүсү: прогресс дегениң өзүнүн өзөк табияты боюнча –болсо бүт баары, болбосо эч жок деген эле нерсе да. Анда эки эле багыт бар – бири жогору, экинчиси төмөн карай, ара жолдо асылып кала берүү мүмкүн эмес; цивилизация же өйдө өсүп-өркүндөөнүн өрүн көздөй өнүгөт, же – туңгуюкка туш болуу, кыйроо, кургуйга кулоо, жан бүткөндүн баарын жалмаган акыр кыямат – башка жолу жок.

Романдын сюжеттик коллизиясы космостук монах Филофейдин азирети ыйык Рим папасына жолдогон катынын айланасында чиеленет. Жатында жаткан алгачкы апталарда эле болочок өмүрү болбогон бир маани-маңызсыз опурталдуу жашоо болоорун сезип, ошондой эсхатологиялык коркунучтан улам жарык дүйнөгө көз жаргысы келбей, дүмөктүү сигнал жиберип атышкан  кассандра-эмбриондор  жөнүндө  ал ачып чыккан теориялык жаңылык бүт Жер жүзүн чаң-тополоң дүрбөлөңгө түшүрөт: “… Кассандра-эмбриондордун саны тынымсыз өсүүдө. Ага себеп – ааламдык аң-сезимдин мээ кыртышында эгерим экстремал абалдан башы чыкпай койгон адам затынын кокуй жашоосунун акыр түбү коркунучтуу экенин түшүнүү улам күчөп баратканы. Кассандра тамгасы – акыр кыямат алааматы жакындап калганын энесинин курсагынан туюп эшиткен эмбрион-эсхаттын кадр артындагы үнү. Бул анын жашайын деген табигый ышкы-сын өлтүрүүдө”, – деп белгилейт Филофей.

Бул  ирет  Чыңгыз  Айтматовдун  романы этнос-космостун тагдыр таржымалы, дүйнөлүк эки социалдык-саясий системанын тиреши жөнүндө эмес, андан да коркунучтуу – антропологиялык алаамат көйгөйүн көрсөтүүгө арналган. Айтматовдун көңүл чордонунда бу жолу бүтүндөй Жер планетасы, адамзат цивилизациясы, алардын азыркы абалы жана келечек тагдыры маселеси турат. Адамдар өздөрүнүн урук-тукумдары туулгусу келбей атышка-ны тууралуу керээттүү аян алышат. А бирок, бул эмнеси деп эс токтотуп ойлонгондун ордуна, кайра ого бетер жиндешип, аларга көз жара элек балдарынын сигналы – Кассандра тамгасын көрүшсүн деп космостон атайы нур жиберип аткан орбитадагы окумуштуу-космонавттын жер жүзүндөгү жалгыз жактоочусу футуролог Роберт Боркту өлтүрүшөт. А космонавт адамзаттын амандыгы жана жакшылыгы үчүн жасаган экс-перименти кандай кесепетке алып келгенин көргөн соң, балдарынын келечегине кайдыгер, кара баштарынын гана камын жеген Жердеги көр пенделердин табасын кандырып, өз жанын өзү кыюуга аргасыз болот. Так эле тарыхтагы параллелдин дал өзү – “акыреттин сотунда жооп берчү саат келет, ал сот аёосуз катаал болот”, – деди Кудайдын Кулуну, ошону үчүн крестке керилип, курман болду. Анын курмандыгы көр пенделердин күнөөсүн көтөрүш үчүн болсо, ал эми Америкалык окумуштуу менен Орусиялык космонавттын жазыксыз өлүмү адам-макулуктардын арсыз моокумун жазганга гана жарады.

Таанымал окумуштуу-генетик (Крыльцов – Филофей) жашыруун Борбордо жасалма киши жаратуу максатында илимий иш жүргүзөт. Адам затынын табиятына зомбулук менен кол салган андай тири шумдук илимий эксперименти эмне деген ааламдык апаатка алып келээрин аңдагандан кийин, анын жекече кишилик тагдыры кейиштүү трагедияга айланат. Ошону менен Айтматовдун романында апокалиптик мотив: кит, куш, киши тукумунун өзүн-өзү өлтүрүшү, олуя-окумуштуунун өзүн-өзү жок кылышы доминанта катары ортого чыгат. Романдын пафосу – Жердеги жашоо-турмушту жексен кылуучу кыйды прогресстен шектенген эсхат-эскертүү.

Ч.Айтматов белгилегендей, “биздин кайсы бир арабызда, биздин стихиябызда сүзүлүү-үзүлүү, уроо-кулоо, адеп-абийирдин бузулуусу, жамандык менен коркунучтун көзгө көрүнбөгөн радиациясы жүрүп жатат”. Ошондон улам, ошол ааламдык жамандыкка каршылык катары “океанда… килейген киттердин үйүрү кемелер сыяктуу толкун жиреп, сүйлөшүп алышкандай, түн ичинде жээкке жетип, өздөрүн сайроонго серпип өлтүрүш үчүн көктөгү турналардай шынаа тартып, жан үрөп сүзүшүүдө”. Адамзатты эскертип, ага: “Эгер адам аман-эсен жашагысы, эгер ал цивилизациянын туу чокуларына жеткиси келсе, анда алды менен өзүндөгү Жамандыкты жеңүүгө тийиш” экенин айтуу үчүн Табигатта андан башка арга жок. Өздөрүн өздөрү өлтүрүүгө умтулуп, океанда удургуп сүзүп баратышкан киттердин үлкөн үйүрүнүн үрөй учурган сүрдүү көрүнүшү жашоо-турмуштун жагдайы бүгүнкү күндө жер-жеберине жетип, жан чыдагыс абалга кептелгенин каңкуулайт. Ч. Айтматовдун ою боюнча, киттердин массалык түрдө өзүн-өзү өлтүрүшү – ааламдык акыл-эстин жердеги окуяларга карата реакциясы.

Бирок мындай катастрофалык кырдаалга бир гана киттер каршы эмес. Ага али туула элек балдар да каршы. Алар боло-чок энелеринин чекелериндеги бүлбүлдөгөн чекит  аркылуу  белги  беришип:  “Мен, кассандра-түйүлдүкмүн, жарык дүйнөгө туулуп келгим келбейт, келгим келбейт, келгим келбейт, келгим келбейт… “, – деп жалынып-жалбарышат. Анткени, адеп бойго бүткөн алгачкы апталарда адам баласынын жаңыдан түйүлгөн уругу аны алдыдагы жашоосунда эмне күтүп турганын астыртан туюк сезет. Али туула элек адам тукумун болочок турмушунда болбой койбой турган жону катуу жокчулук, онтоткон оору-сыркоо, зордук-зомбулук, кордук-ызалык сыяктуу жарык жашоодогу толгон-токой жамандыктар кооптондурат. Ошондо, эми эмне кылуу керек? Абортпу? Космостук Филофей кечилдин оозу менен Айтматов буга кескин түрдө: “Жок!”…аборт – атайылап өлтүргөнгө теңдеш-тете зордук-зомбулук акт”. Анда кандай арга? Айтматовдун жообу: “Аң-сезимди өзгөртүү керек, адам өзү ичинен өзгөрүүгө тийиш! Ар бир адам өзүнөн баштап, баары менен биргеликте, бүт адамзат тукуму өзүндөгү балакет өнөкөттөрдү жойгондо гана жашоодо келечекке карай жаңы жарык жол ачылат… Жандуу рухтун жашап калуу орою ошо, башка жолу жок… Бир кишининби же жалпы жамааттынбы, жасаган жамандыгы эч жоголбой, улам кийинки муунга чексиз бериле берет. Апа – ааламдын тагы, андан генетикалык эс-жады аркылуу жамандык укумдан-тукумга уланат. Андыктан, бирөөнүн кылган жамандыгы өзү менен кошо кетпей, кезеги келгенде кээри чыкчу кесепеттүү үрөндөй генетиканын чер токоюнда сакталып кала берип, акырындап аракетке кирүүчү минага окшоп качандыр бир убакта жарылбай койбосун акыры моюнга алуу кажет”.

Ошентип,  “Кассандра  тамгасында” адамзаттын тагдыры кылдын учуна, кылычтын мизине коюлат. Окуялардын хроникасы боюнча, катаклизмдер, каргаша-кырсыктар күн санап, саат сайын күчөгөндөн күчөп жүз көрсөтөт. Жер планетасына, анда жашаган адамзат тукумуна кандай капсалаң коркунуч туулганын автор көзү ачык олуядай, кемен-гер пайгамбардай даанышмандык, айныгыс жүйө-далилдер менен күйүп-бышып эскертет. Чыгарманын баш каармандарынын бири футуролог Роберт Борк үчүн адамзаттын болочок өнүгүү жолун болжоп айтуу өзүнүн алдына койгон “Өлөңдөрдүн өлөңү” дегидей өмүрлүк максаты болгон. Ал өз өмүрүнүн өзөктүү идеясын – “адамзат жашоосу кыйрап, тагдыры трагедиялуу аякташын аңдап билишке эс-акылы жетээрин баамдап гана тим болбой, ошол ыкыласы аны жаңыча жашоо ыңгайына, жаңыча ойлонуу орою-на алып келүүгө тийиш экенин” эскертип жазгысы келген. Бул чыгарма чындыгында да – жазуучунун жан дүйнөсүнөн атылып чыккан жалындуу жанар жана анын адам-затка эскертип айтайын деген ачуу чындык-тарынын чыркыраган чыңырыгы сыяктуу.

(Уландысы бар)

Калык ИБРАИМОВ, философия илимдеринин кандидаты, СССР жана КР жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты

Ч.Айтматовдун өчпөс тагы – «Кассандра тамгасы»: 1 комментарий

Комментарии запрещены.