Суктандырган Суусамыр мурунку абалына келеби?

«Кыргыз Туусу» гезитинин учурдагы жамааты заман талабына жараша жаңыча чыгармачыл стил менен жигердүү иштешип, гезиттин кадыр-баркын мурдагыдан да жогорку деңгээлге көтөргөнүн сексенинчи жылдардагы «Советтик Кыргызстан» гезитинде иштеген, ардагер журналисттердин бири катары ачык айта алам. Гезиттин № 41 санында жарыяланган, учурдун олуттуу маселесине көңүл бурдурган Т.Алымбековдун «Суру качкан Суусамыр же Кыргызстандагы жайыт маселеси» аталган макаласына үн кошууну туура көрүп, өз пикиримди айтайын дедим.

Суусамырды тытмалабагыла

Макалада  белгилегендей жалпы аянты 9 млн. 147 миң гектарды түзгөн жайыттарыбыз Кыргызстандын баа жеткис байлыгы эмеспи. Өзүнүн сулуулугу, кеңдиги менен баарыбызды суктан-дырган Суусамырга союз учурунда Сары-Өзөн Чүйдүн, Таластын малчылары жайгашып, так бөлүнгөн жайыттарын сарамжалдуу пайда-ланып, күзгө жуук кыштоого кетчү эмес беле. Миңдеген гектар жерлерге эспарцет тоют өсүмдүгү, арпа себилип, малга тоют мол камдалып, кышка жетчү тоют менен камсыз болучу. Суусамыр эли малдын санын  көбөйтүп  бардык  жагынан дүркүрөп өсүп, келгендерге төрүн кенен ачканын тарых тастыктайт да.

Суусамырга бүгүнкү күндө башка облустардын да малы чыгып, баш аягы 79 айыл аймактарынын малдары тебелеп, тепсеп, чаңын асманга чыгарып кетип жатканы, Кудайга жакпаган иш эмеспи. Суусамыр айрым облустар үчүн жетүүгө оңой жакынкы жайыттар болуп саналат. Малдын көп чыгып жаткан себеби ошол. Көбүнчөсү жол жээгинде бирдемесин сатып, пайда табуу үчүн гана чыгышат. Эмне үчүн Суусамыр жайыт катары так бөлүштүрүлгөн эмес?

Ал эми Бишкек-Ош жолунун жээгине өзүнчө шаар түшүп жатканы, анын айынан жайыттар талкаланганы  аз  келгенсип,  илгери ата-бабалар ары-бери өткөн жолоочуга нан менен, нака кымыз сунса, азыр айрымдары таза кымызга порошок кошуп сатып, адамдардын ден-соолугун бузуп, анысына манчыркап, өз чөнтөктөрүн кампыйтып жатышат. Муну менен келген туристерге уят болуп, алардын аз келишине себеп болуп жатканыбызды, ошол Суусамырдагы айыл аймагы-нын жана бир катар көзөмөлдөөчү органдардын тыкыр иштебей жатканын ким тана алат?!

Ал эми тамыры терең алтыга-нага жапырт күрөш жүргүзбөсөк өзүбүздүн эле шорубуз да. Кут конгон керемет Суусамырдын кенен жайлоосуна мал эмес, өзүбүз каттай албай кала электе бул иш ме-нен жапа тырмак күрөш жүргүзөлү.

Ар бир айыл аймактарынын жайыты так, малы өлчөмдүү болсун…

Жыл өткөн сайын ар бир мал баккан жеке чарбалардын саны өсүп, төрт түлүк малыбыздын саны өсүп баратат. Бул тууралуу өзүм жашап жаткан Кара-Суудан кийинки экинчи чоң район болгон Сокулук районундагы жайыт проблемалары жөнүндө сөз кылайын.

Жалпы райондун жайыт аянты 92 миң гектардан ашык. Анын 38,5 миң гектары Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан. 2016-жылдын 1-январына карата 56838 – бодо, 123019- кой-эчки жана 7881-жылкы катталган. Бул көрсөткүчтөр ушул убакта бир топ өстү. Ушунча малдын 80 пайызы жайкысын Суусамыр жайлоосуна чыгарылат.

Ар  бир  айыл  аймагында  19 жайыт комитети түзүлүп, райондун жайыт ассоциациясын Асан Худайбергенов жетектейт. Район боюнча жайыт менен камсыздоо 113 пайызды түзөт. АРИС программасы менен жайыт комитеттерине компьютерлер, мебелдер жана башка керектүү техникалар бөлүнгөн. 2017-2018 жылга карата эле жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 700 миң доллар бөлүнгөн. Бул каражаттар жайытка керектүү курулуш, иштерине жумшалат. Ушул жылда эле 74 чакырым жол, 42 көпүрө, 3 кыркын пункт ку-рууга жана башкаларга жумшалган. Кыскасы малчылардын Суусамыр жайлоосунда жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга бардык шарттар түзүлгөн десек болот.

«Жайыт маселесинин бардык иштерине көзөмөл кылуу, талаш жерлерди   чечип  берүү  боюнча район дук мамлекеттик администрациясында  атайын  комиссия түзүлгөн. “Төө-Ашуу” менен ашуу узак болгондуктан өзүм комиссия мүчөлөрү менен Сокулук ашуусу аркылуу ат менен барып келдим. Мурдагы ашып жүргөн Сокулук-Суусамыр  ашуусундагы  жолду оңдоону чечтик. Ошондо ашууну 100 чакырымга кыскартабыз. Суусамырдагы Каракол суусу аркылуу өткөн көпүрөнү оңдоо пландарын ишке ашырган жатабыз”, – дейт Сокулук районунун акими Таалайбек Корголдоев.

Ооба, ата-бабаларыбыз Төш-Булак  айылы  аркылуу  Сокулук ашуу сун пайдаланып келишсе, азыр жылкылар гана ашпаса жол бүтөлүп калуу абалына келген. 1983-жылда ошол кездеги райкомдун биринчи катчысы К.Тургановдун демилгеси менен жол Сокулук ашуусунун Суусамыр жагына чейин оңдолуп учак менен чоң темир көпүрө салынган. Аны фото кабарчы маркум Шекербек Сартов сүрөткө тартып ошол кездеги «Советтик Кыргызстанга» жарыялаган.

Ал эми Каба уулу Кожомкул атабыздын  атын  көтөрүп  ашкан ашуу  ушул  Сокулук  ашуусу  экенинин баары эле биле беришпейт. Ашып түшкөндө эле Балыкты, Чаар таш  жана  башка  жайлоолорго жетесиң. Ошол жердеги Каракол суусундагы көпүрө да оңдолгону турат. Мындан Чүй облусунун бир катар райондору да пайдалана алышат. Бул ашуу ачылса айыл аймактары тарабынан алыскы Суусамыр жайлоосундагы бардык түйүндүү маселелер ордунда чечилет.

Негизи  эле  Суусамырда  ар бир айыл аймактарынын жайыттары такталып, ага ылайык малды өлчөмү менен жайытка чыгарганда гана суктандырган Суусамыр мурунку абалына жетип, биз эңсеген экологиялык багыттагы көйгөйлөрүбүз чечилет эле.

Ниязалы УСУПБЕКОВ, КР журналистер союзунун мүчөсү. Ардагер журналист