Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 3-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын мамлекет башчысы 3-сентябрда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.

Аткен менен Мирзиёевдин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусу боюнча маселе иштелип жаткандыгын белгиленди.

Белгилей кетсек, 2-8-сентябрь күндөрү III ДКОго Өзбекстандан спорт министри башында турган  60ка жакын делегаттын катышуусу күтүлүүдө.