30-августка карата аба ырайы

30-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын аймактарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Бишкекте шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градус.