Ыймансыздыктын кыйраткыч күчүнүн алдында сот дагы алсызбы?!.

М.БОТОЯРОВ, Бишкек шаары


Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев тарабынан үстүбүздөгү 2017-жыл “Адеп, ыйман жана маданият жылы” деп жарыяланганы белгилүү. Мунун да өзгөчө себеби бар. Анткени, азыркы учурда бүткүл адамзат ички сезим менен акыл-эстин карама-каршылыгына тушугуп турган кези. Боорукердик, бир туугандык деген эң ыйык, аялуу сезимдер мерездик, ырайымсыздык, ач көздүк сыяктуу терс сезимдерге орун бошотуп жатат.

Төмөндөгү факт биздин сөзүбүзгө толук мисал болорун окурман өзү аңдап алаар!? Бишкек шаарында 35 жылдан бери иштеп жана жашап келе жаткан Канетова Чынаркүл Шаршеевнага шаардык мэриянын 14.02.1996-жылдагы №100 токтому менен “Учкун” конушунан 4 сотых жер аянты жеке турак-жай курууга берилген. Бул аянтка Ч.Канетова өз каражаты менен үй тургузгандыгын кошуналары жана аны билген жакын адамдар бир добуштан тастыкташат.

Ч.Канетова өз үйүн бир тууган иниси Канетов Аскарбекке 01.12.2009-жылы тартуулоо келишиминин (договор дарения) негизинде өткөрүп берген. Себеби, 09.04.2009-жылы Ч.Канетовага каржы полициясы мыйзамсыз жана негизсиз кылмыш ишин козгогон эле. Ч.Канетова мындай мыйзамсыз, күтүүсүз жалган жалаадан жабыркап стресс абалында жүргөн учурда Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында жашаган Канетова Атыркүл жана Кочкор районундагы Чекилдек айылында жашаган Канетова Жыпаркүл аттуу бир тууган эжелери тынымсыз телефон чала баштайт. Алар Чынаркүлдү өз үйүн иниси Аскарбектин наамына убактылуу каттатып турууга ынандырышат. “Болбосо, кылмыш иштин негизинде сот үйүңдү конфискациялап алып коёт”, – деп алдап коркутушат. Бир туугандарына ишенген Ч.Канетова эч кандай жаман ою жок инисине өткөрүп берет. Ал эми кылмыш иши негизсиз козголгондуктан кийин өндүрүштөн кыскартылат.

Үйдү инисине тартуу кылгандан кийин, т.а. 17.12.2009-жылы Ч.Канетова катуу ооруп Улуттук госпиталдын

неврология бөлүмүнө жатып калат. Ал эми 11.02.2010-жылы Улуттук онкологиялык ооруканага жат-

кырылып, операция жасалат. Андан кийин, 27.07.2010-жылдан 01.07.2011-жылга чейин бутунан эки жолу операция болот. 27.02.2014-жылы оң бөйрөктүн нефректомия оорусуна чалдыгып, онкологиялык оорунун белгилери аныкталат. Жалпылап айтканда, Ч.Канетовага бүгүнкү күнгө чейин 6 (!) жолу операция (анын ичинен 2 ирет онкологиялык операция) жасалып, 26.07.2014-жылы 2-топтогу майыптык берилген.

Албетте, жогорудагы фактылар айтып тургандай, Ч.Канетова биринчиден ден-соолугунун олуттуу начарлашынан улам ишке жарамсыз болуп азап чексе, экинчиден дарылануу үчүн эбегейсиз суммадагы акча каражаты керектелген. Адам үчүн ден-соолук менен өмүрдөн кымбат не бар!? Канча акча талап кылынган болсо Ч.Канетова аны карыздап таап турууга мажбур болгон. Ал бүгүнкү күндө да тынымсыз дары-дармек колдонуп жашайт жана карыздарын төлөөгө чамасы жетпей турат!..

Оору азабын тартып турган Ч.Канетова иниси Аскарбекке кайрылып “өз үйүмдү кайра өткөрүп бер, жарым участокту сатып дарыланайын” – десе иниси караманча баш тартып, “сен мага үйдү салышканга жардам бергеним үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом төлө, болбосо үйдү бербейм, эгер акча бере албасаң үйдөн чыгып кет” деген талап коёт. Бир туугандардын алдап кеткендигине көзү жеткен Ч.Канетова 06.02.2017-жылы Свердлов райондук сотуна тартуулоо келишимин жокко чыгаруу жана тартууну кайтарып алуу жөнүндө доо арыз келтирет.

Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова 06.04.2017-жылдагы чечими менен Ч.Канетованын

доо арызын канааттандыруусуз калтырган. Сот өз чечиминде КРнын Жарандык кодексинин 513, 514-беренелерине таянат. Сөз болуп жаткан кодекстин 513-беренесинде:

“ – Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин тартуулоочунун мүлктүк абалы олуттуу начарласа, анда

ал келечекте тартуу алуучуга буюмду же укукту берүү же тартуу алуучуну мүлктүк милдеттен бошотуу убадасын камтыган келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу” – деп көрсөтүлгөн.

Ал эми судья Жылдыз Ибраимова болсо чечимде: –

Также истцом Канетовой Ч.Ш. суду не представлены доказательства о существенном ухудщении её имущественного положения после свершения оспариваемого договора дарения, дающие основания истцу отказаться от исполнения договора в соответствии с нормами ст.513 ГК Кыргызской Республики, – деп белгилейт.

Сот чечиминде Ч.Канетованын доо арызда негиздеп көрсөткөн жана арызга тиркеген ден-соолугу жөнүндөгү

10 даана (!) тактама, көчүрмөлөргө (выписки из истории болезни) жана сот отурумунда көрсөткөн далилдерине

көңүл бурулган эмес.Тагыраак айтканда аларга юридикалык баа берилбей калган. Мына ушундан улам төмөндөгүдөй мыйзам ченемдүү суроолорго жаралат:

– Эмне, Ч.Канетованын 6 жолу операция (анын ичинде 2 жолу онкологиялык) болушу, анын натыйжасында 3 жылдан бери 2-топтогу майып болуп калгандыгы мүлктүк абалдын “существенное ухудщениесинин” далилине кирбейби?

– Эгер Ч.Канетова тартуулоо келишимин түзгөнгө чейин (01.12.2009) эмгек келишимдин негизинде 3 ишка-

нада иштеп, ай сайын жалпы 28 000 сомдон маяна таап (тиешелүү тактамалар тиркелген) келген болсо 6 жолку операциядан кийин мындай айлык маяна иштеп табуу үчүн тынымсыз эмгектенүүгө ден-соолугу мүмкүнчүлүк береби?

– Оорусуна байланыштуу жарым ставкада эмгектенип (2009-жылдын декабрынан бери) тапкан 6000 сом эмгек

маяна жана 2-топтогу майыптыгына (10.07.2014-жылдан бери)алган 2100 сом акча менен тынымсыз дары-дармек сатып алып турууга,операция жасатууга, башка коммуналдык тейлөө акыларын төлөп жашаганга болобу? Күнүмдүк жашоодогу тамак-аш, кийим-кече жана белчесинен баткан карыз маселесин чечүүнү айтпай эле коёлу.

Судья Ж.Ибраимовага мындан артык дагы кандай “доказательства о существенном ухудщении” керек?!.

Албетте, соттун мындай калпыс чечими менен макул болбогон доогер Ч.Канетова Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу келтирди. Коллегиялуу орган эсептелген шаарсот кандай чечимге келет, кезеги келгенде кошумча кабарлайбыз.

Соттун жогорудагы чечиминен кийин доогер Ч.Канетованын ден соолугу кескин начарлап, кайрадан

Улуттук онкология борборуна жаткырылып операция жасалды. Аны тастыктаган медициналык тактама жана башка тиешелүү документтери бар.

Бүгүн биз жашап жаткан коомду деле бир тараптуу каралай берүүгө болбос. Арасында бир туугандарына бөйрөгүн же башка бир медицинада алмаштырууга жол берилген органдарын берип жатышкан замандаштарды угуп-көрүп жүрөбүз. “Беш кол тең эмес” – дегендей Канетова Атыркүл, Жыпаркүл жана Аскарбек сыяктуулардын оорулуу бир тууганынын үйүн алдап тартып алып жаткандыгын көргөндө жакаңды кармагандан башка айла таппайсың! Адеп ыйман жана маданият жылында өмүр менен өлүмдүн ортосунда алпурушуп жаткан Ч.Канетованын бир туугандарына Кудай өзү Ыйман берсин, – деп тилей туралы.

P.S. Судья Ж.Ибраимова калпыс чечим гана чыгарбастан, чечимди берүүнүн процессуалдык мөөнөтүн да атайылап кечеңдеткен. Доогер Ч.Канетова бул мыйзам бузуу фактысы тууралуу 2017-жылдын 14-апрелинде Свердлов райондук сотунун төрайымы Жаркеева Эльвира Сагыналиевага арыз менен кайрылып, судья Жылдыз Ибраимовага карата соттун чечимин кечиктиргендиги боюнча чара көрүүнү суранган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин сот төрайымынан жооп болбогондуктан, айласы куруган Ч.Канетова Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине төрайым Э.Жаркеева менен судья Ж.Ибраимовага карата мыйзам чегинде чара колдонуу арызын жолдоду. Билип туруп мыйзам жоболорун бузуп жаткан мына ушундай судьяларга карапайым эл ишенбей, коомчулукта терс көз караш жаралууда.