Энесайдан көргөнүм элибизге да келди

1972-жылдын жайы. Мен ал кезде Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөм. Биздин аскердик бөлүк Ыраакы Чыгыштын Амур облусунун Белогорск шаарында жайгашкан. Автобатальон болгондуктан, жоокерлердин дээрлик бардыгы айдоочулар. Бир күнү биздин бөлүк Түштүк Сибирге эгин жыйноого жардамга барары айтылды.

Айткандай эле эртеси туруктуу жашап  жаткан  жерибизден  шаар четиндеги жайкы лагерге көчтүк. Авто-транспортторду эшалонго жүктөгүчө бул жерде он беш күндөй туруп калдык. Жайкы лагерде жашап жатканда ойго келгис бир окуя болду. Күн сайын кечкисин кино көрсөтүлчү. Ал үчүн лагердин чыгыш тарабында узуну он метр, бийиктиги беш метр келген аппак экран орнотулган. Бир күнү Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” көркөм фильми көрсөтүлдү. Биздин бөлүктө казак, өзбек, тажик балдар кызмат өтөөчү. Кыргыздан жалгыз менмин. Фильмди көрүп жатып, кубангандан өзгөчө бир сезимге туш болдум. Көзүмө кубанычтын жашы келди. Казак, өзбек, тажик балдарга мактанып айтып жаттым: ”Бул кыргыздын киносу. Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласы”. Айтматовду билесиңер да”. Алар да: “Айтматовду билебиз”, – деп жылмайып коюшат. Ошол кезде өз башымдан өзгөчө бир сыймыктануу сезимин өткөргөм.

Даярдык толук бүткөн соң, Түштүк Сибирди карай сапарга чыктык. Поюз менен батышты карай баратабыз. Чыгыштагы эң чоң шаарлардын бири Чита шаарын, Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарын басып өттүк. Байкал көлүн жээктеп баратабыз. Көлдүн тереңдигин айтпаңыз. Тимеле көк ирим. Баш-аягына көз жетпейт. Поюз жол менен көлдүн аралыгы беш эле метр. Бир капталы аска таш. Көл жээгиндеги ушул кош сызык темир жол аркылуу поюздар бири батышка, бири чыгышка тынбай өтүп жатат. Биздин эшалон да көл жээгине жарым сааттай токтоп калды. Вагондордон жоокерлер жерге ыргып түшүшүп, көлдү суктана карап жатышты. Суусунун тунуктугун айт. Жыйырма-отуз метр тереңдиктеги таштар көрүнүп турат. Көл жээги менен батышты карай бир күн кечке жүрүп отурдук. Андан кийин түштүк тарапка бурулуп, айтылуу “Абакан-Тайшет” темир жолу аркылуу жол тарттык. Абакан темир жол станциясына келип токтодук. Хакасиянын борбору туш-тарабы бийик карагайлуу токойлор менен курчалган шаар экен. Бул шаар союз убагында “Абакан вагон куруучу заводу” менен даңазалуу болучу. Станциядан жерге түшкөн жоокерлер аскердик машиненин кузовунда каз-катар олтуруп, Энесай дайрасын жээктеп кыйла убакыт жол жүрдүк. Бир маалда бийик карагайлуу токойдун ичине кирип кеттик. Ал жерде пионер лагери бар экен. Биз ушул жерге жайгаштык. Кечке чейин машиналар менен талаада эгин ташыйбыз, кечкисин кайра келип эс алабыз.

Бир күнү кызык окуя болбоспу. Лагердин асфальтталган эс алуу аянтчасында түнкүсүн өзбек, тажик досторум менен ары-бери басып жүргөнбүз. Биздин бөлүктө Иосиф Довгялло деген прапорщик кызмат өтөөчү. Улуту поляк болчу. Ошол кишинин радиокабылдагычы бар эле. Бир тажик жоо кер ошону сурап келиптир. Ар кимиси кабылдагычтын кулагын бурап, угуп жатышты. Бир маалда менин колума тийип калды. Ары-бери бурасам, кыргызча сөз угулуп калса болобу. Канчадан бери кыргызча сөз уга элек болчумун. Дароо кармай калдым, Кыргызстандан тартып жатыптыр. Обондуу ыр аткарылып жатты: “Эстегенде бир келерсиң, сагынганда бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү…”. Көрсө, бул ошол жылы жаңы чыккан Аскар Исаевдин сөзүнө жазылган Сардарбек Жумалиевдин “Таң сыры” деген обондуу ыры экен. Бул ырды мен биринчи жолу ушинтип Сибирь жергесинде жылдыздуу түндө уккам.

Бир күнү жоокерлерден: “Бизден жогору жакта Минусинск деген шаарда тарых музейи бар экен. Кээ бир жоокерлер көрүп келишиптир”, – деген сөз угуп калдым. Негедир ал музейди көргүм келди.

Командирден уруксат алып, жолго чыктым. Минусинск шаарына барып, эки кабат музейдин кассасынан билет алганы кезекте турсам, кассир аял мага кайрылып:

– Аскер кызматчысы, сиз билет албай кире берсеңиз болот, – деди.

Музейди кыдырып келе жатып, бир бөлүмдүн үстү жагында “Кыргызское государство” деген жазууну окудум. Адегенде түшүнө албай турдум. Сибирдеги бул орус шаарында “кыргыз” деген сөз кайдан жазылып калган? Ал кезде биздин мамлекет “Киргизская ССР”, “Киргизия” деп аталчу эмес беле. Алдындагы жазууну андан ары окудум. Анда мындай деп жазылып турат. “Часть здешних кыргызов в настояшее время проживают в Киргизской ССР, Средней Азии”. Андан кийин ошол бөлүмдө коюлган экспонаттарды бир четинен көрө баштадым. Айнектелген жашикчелердин ичинде ар кандай буюм-тайымдар: така, кылыч, канжар, билерик, сөйкө, идиш-аяктар, майда жабдыктар, дыйканчылык куралдары ж.б.

Чыгыш  жагындагы  тикесинен  турган жашикчеде аял кишинин жасалгалуу кийим-кечеси  турат.  Шөкүлөсү,  саймаланган кемсели, бут кийимдери, билерик, сөйкө, чач уштук, сөлкөбайлары кадимкидей сакталган.

Андан кийин түндүк тараптагы залдарга өттүм. Анда китепкана жайгашыптыр. Китеп текчелерине шыкай жыйылган эски китептер. Ошол кезде чыгып турган “Енисей” аттуу гезиттин тиркемелери жакшы сакталыптыр. Бул китепканага бир учурда сүргүндө жүргөндө пролетариаттын улуу жол башчысы Ленин токтогон экен. Ал сүргүндө болгон Шушенское селосу бул жерден кырк чакырым алыстыкта экенин айтышты. Красноярск тарапка өтүп баратканда ал ушул жерге токтоп, китептерден пайдалангандыгы жөнүндө жазылып турат. Көрсө, бул Николай Мартьянов атындагы тарых музейи экен.

Союз убагында энесайлык кыргыздар жөнүндө маалымат өтө аз болчу. “Орхон-Энесай  жазмалары”  жөнүндө  илимий чөйрөдө гана айтылбаса, карапайым эл дээрлик кабарсыз эле. Мен деле кыргыздардын Энесайда жашагандыгы жөнүндө элден укканым болбосо, басма сөздөн, илимий булактардан эч нерсе окуган эмесмин.

Музейден чыккан соң, жан-дүйнөм дүрбөлөңгө түшүп калды. Көрсө, мен байыркы энесайлык кыргыздар жашап өткөн жерлерди басып жүргөн турбаймынбы. Аскердик бөлүккө келгенге чейин ойлорум уйгу-туйгу болуп, алда кайда кетип жатты.

Бир жолу Энесайдын куймасы болгон бир кичи дайранын жээгине токтоп калдык. Ошондо суу жээгине отура калып:

– Оо, кудрети күчтүү Кудай, ушул жерде жашап өтүшкөн ата-бабаларыбыздын арбактары,  жаткан  жериңер  жайлуу, топурагыңар торко болсун, өзүңөр колдоп жүргүлө. Өзүмө, жакын адамдарыма өмүр берегөр, ден-соолук бере гөр. Эл-журтума тынччылык, жакшылыктарды бер, – деп бата кылып, дайранын суусуна жүзүмдү чайыдым.

Ал мезгилде атеизм күчтүү да. Бирок, мен бала кезимде ыраматылык Чотон энем-дин этегин кармап чоңойгом. Ошо киши чектикте, айтта жетелеп жүрүп, Кудай, кыргыздардын ырым-жырымдары жөнүндө көп сөздөрүн жүрөгүмө куюп салган. Ошон үчүн минтип суу жээгинде олтуруп, ушул жерде жашап өтүшкөн ата-бабаларымдын арбактарына дуба кылып отурбайымбы.

Биз бул жерде үч айга жакын убакыт туруп калдык. Жергиликтүү орусча гезиттерде кыргызча аталыштар көп кезигет экен. Ошол кыргызча сөздөрдү жазып албаганыма ушул күнгө чейин өкүнөм.

Бир жолу офицерлердин бөлмөсүнө кирип калсам, Хакас телевидениесинин берүүлөрү болуп жатыптыр. Хакас тилинде “Жаңылыктар” деген сөз “Хабарлар” деп жазылат экен. Жаңылыктарды аял диктор хакас тилинде окуп жатты. Көп сөзү эле кыргыз сөздөрү. Бирок, сөздөрдү байла-ныштырып турган сөз мүчөлөрүндө айырмачылыктар бар экен.

Аскердик мөөнөт бүтүп эл-журтума кайтып келдим. Тагдырдын жазганы экен, көп жылдар бою советтик, партиялык жана мамлекеттик кызматтарда, басма сөз, билим берүү тармактарында жетекчилик кызматтарда иштеп жүрдүм. Ушул мезгил аралыгында көптөгөн жолдош-жоро, дос-жаран күттүм.

Бир жолу сөз арасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, чыгаан журналист, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары маркум досум Төлөн Насирдиновго Түштүк Сибирдеги Мартьянов музейин көргөндүгүм  жөнүндө  айтып  калдым. Ошондо ал: “Ой, сен энесайлык кыргыздар жашаган жерде болгон турбайсыңбы. Көргөн-билгениңдин бардыгын кеңири жазбайсыңбы. Ал музей жөнүндө кыргыз  эли  билиши  керек.  Сен  жазууга милдеттүүсүң”, – деген эле. Төкөмдүн ошол айткан сөзү көп жылдар бою көкөйүмдөн кетпей жүрдү. Ошондон кийин, энесайлык кыргыздар, Мартьянов музейи жөнүндө маалыматтарды иликтеп-изилдеп, топтой баштадым. Союз убагында энесай кыргыздарынын тарыхы жөнүндө маалыматтар эл арасында дээрлик жокко эсе болучу. “Орхон-Енисей жазуулары” жөнүндө гана тил илиминде тарыхый-тилдик темадагы илимий макалалар кездешер эле. Энесай кыргыздарынын турмушу жөнүндө жазылган көркөм чыгармалар кыргыз адабиятында таптакыр эле жок болучу. Бул жөнүндө кийин гана залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” романы далай талаш-тартыш, талкуудан кийин, кыскартылган, оңдолгон түрүндө 1989-жылы жарыкка чыкты. Энесай кыргыздарынын тарыхы жөнүндө жазылган орус жана чет элдик окумуштуулардын илимий эмгектери кол жеткис дүнүйөлөр эле. В.В.Бартольд, В.В.Радлов, А.Н.Бернштам, С.М.Абрамзон, Н.Я.Бичурин, Н.А.Аристов, Л.А.Евтюхова, В.Я.Бутанаев, О.Караевдин эмгектери дагы илимий китепканаларда эле болбосо, айыл жеринен табылчу эмес.

Энесай кыргыздары жөнүндө кыргыз элине кеңири тараган жана белгилүү илимий эмгектердин бири – бул Новосибирск университетинин профессору, атактуу кыргыз таануучу Юлий Худяковдун “Энесай кыргыздарынын тарыхы” аттуу илимий макаласы болду. Энесайлык кыргыздар тууралуу жазылган эмгектердин катарында кыргыз тарыхчысы , тарых илимдеринин доктору Өмүркул Караевдин эмгектери өзгөчө орунда турат.

Эгемен заман келген соң гана, энесай кыргыздары жөнүндө маалыматтар басма сөз беттеринен, радиотеле берүүлөрдөн тез-тез жолуга баштады. Ал тургай курамында тарыхчы окумуштуулар, археологдор, журналисттер болгон илимий экспедициялар уюштурулуп, Түштүк Сибирде болуп кайтышты. Айрым, илим адамдары Энесай дайрасынын жака белиндеги байыркы кыргыздар жашап өткөн аймактарда болушуп, жаңы табылгалар менен келишти. Барган-келген сапарлары жөнүндө жол очерктерин жарыялашып, кеңири сөз кылышты. Ради-отеле берүүлөрдөн калайык-калкка айтып беришти. Алардын ичинде биз сөз кылып жаткан Минусинск шаарындагы Мартьянов музейинде болгондор да бар экен.

2014-жылдын  аяк  ченинде  Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде  “Енисейлик  кыргыздар”  аттуу көчмө көргөзмө ачылды. Аны Минусинск шаарындагы Мартьянов музейи уюшту-руптур. Көргөзмөнү көрүү үчүн Таластан Бишкекке келдим.

Музейдин  азыркы  абалы  жөнүндө кеңири билүү үчүн, музей кызматкерлерине жолугуу максатым да бар эле. Музейдин директору Анара Исралиева жылуу кабыл алып, Мартьянов музейинин көргөзмөсү Бишкекте  ийгиликтүү  өтүп  жаткандыгын айтып берди. Көргөзмө эки айга жакын убакыттан бери иштеп жаткандыгын, көрүүчүлөр абдан көп болгондугун айтты. Директордун айтымына караганда бул жерде 200гө жакын экспонат коюлуптур. Көргөзмөнүн мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу музей жетекчилери эртең саат төрттө Красноярск шаарынан учуп келише тургандыгын айтып берди. Мен ал күнү кечке чейин Мартьянов музейинин көргөзмөсү менен кеңири таанышып чыктым.

Мен Мартьянов музейинин директорунун орун басары Тимофей Клюшников менен жолуктум. Тимофей Александрович музейдин имараты рестоврация болгондугу, жаңы толуктоолор болуп жаткандыгы, өз ишмердүүлүгүн улантып келаткандыгы жөнүндө айтып берди.

… Мен музейде болгон күндөрү ар бир экспонатка үңүлө карап, жаш жубайлар да кыдырып жүрүштү. Жаштарыбыздын кыргыз тарыхына болгон кызыгуусу мени абдан кубандырды.

Рысбек КУЛУБАЕВ, Талас облусу, Бакай-Ата району, Жон-Коргон айылы