Белгилүү скульптор Закир АЗИЗОВ: «Бийиктиги 45 метрлик монументим Анкара же Стамбул шаарына коюлат»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Дүйнөнү – сулуулук сактайт. Ал эми ошол сулуулукту көркөм образ аркылуу жалпы адам коомчулугуна жеткирүүдө чыгармачыл адамдардын эмгеги зор. Алсак, Түркияда жашап, эмгектенген белгилүү скульптор, академик, профессор Закир Азизовдун эмгектери Франция, Италия, АКШ, Австралия, Голландия жана Түркияда коюлгандыгы баарыбызды сыймыкка бөлөбөй койбойт.

– Закир мырза, Түркияга кандайча барып калдыңыз эле?

– Мен Москвадагы көркөм-сүрөт академиясынан билим алгам. Окууну аяктагандан кийин устаттарым менен Москвада иштедим. 1999-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Малатья шаарына кеткем. Ошол убактан бери Инөнү университетинде эмгектенип келатам. Ал университетте иштеп жүрүп профессор, андан көп узабай Россия Федерациясынын академиги деген наам алдым. Түрк, орус,  азербайжан,  өзбек,  казак,  түркмөн, англис тилдерин билем. Түркияда иштегеним менен эл аралык симпозиумдарга кыргыз жараны катары Кыргызстандын атынан катышам.

– Инөнү университетинин деңгээли канчалык, заман талабына жооп береби?

– Университетте бардык адистиктер боюнча дүйнөнүн төрт тарабынан келген профессорлор эмгектенишет. 17 факультет бар. Медицина багытында адистерди даярдайт. Университеттин органдарды трансплатациялаган заманбап ооруканасы бар. Ал оорукана органдарды алмаштыруу боюнча дүйнөдө мыкты деп табылган. Европада органдарды алмаштыруу боюнча ооруканалардын ичинен экинчи орунда турат. Анда адамдын башынан башка бардык органдарын алмаштыруу жүргүзүлөт. Университеттин ректору медицина илимдеринин доктору, профессор Ахмет Кызылай рынок шартына жарамдуу дүйнөлүк деңгээлдеги адистерди даярдап чыгаруу максатын көздөп, чет өлкөлөр менен өнөктөштүктө иш алып барып, окутуучу-профессордук курамды чет өлкөлөрдөгү мыкты профессор, докторлордон түзгөн. Бул окуу жайдын ректору өз ишин мыкты билген, иштерман киши.

– Скульптура менен алектенгениңизге канча убакыт болду жана кайсы белгилүү эмгектериңиз бар?

– Москвада окуп жүргөндө Лениндин, Петр 1инчинин эстеликтерин жасагам. Андан кийин Түркиянын президенти Тургут Озалдын, Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовдун, Ахмед Ясевинин, Билге каган деген 1400 жыл мурда түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген баатырдын эстелигин жасадым. Быйылкы жылды Түрксой эл аралык уюму Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялады. Азыркы учурда улуу жазуучунун эстелигин мрамордон жасап жатам. Даяр боло элек болсо да мага келишип, мэрияга же Түркиядагы Ч.Айтматов паркына коелу деп жатышат. Мен жасап жаткан эстелик залкар жазуучунун биз көрө албаган улуулугун, адам-дык асыл касиетин, анын дүйнөнү багындырган чыгармачылыгын абстрактуу чагылдыруу болмокчу.

– Сиздин эмгектериңиз кайсы өлкөлөргө коюлган?

– Скульптуралар жалпысынан 200дөн ашат. Мисалы Италиянын Милан шаарында “Айбанаттарды коргоо”, АКШнын Калифорния шаарында “Адамдын компьютерди колдонуусунда робот болуп кетпей адам боюнча калуусу”, Германияда “Спирт ичимдигинин адамга тийгизген таасири”, Австралияда “Айтуваров” деген кыргыз лидеринин скульптурасы турат. Голландияда “Аалам сырлары” деген эмгегим коюлган. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун “Кассандра тамгасы” чыгармасы боюнча бир композициям Францияда. Бул композицияда адам өзү музыкалык инструментке айланган, шамал болгондо андан жети нотанын үнү чыгып турат. Мындан сырткары былтыр Түркияда болгон көтөрүлүштү баскан элди чагылдырган бийиктиги 45 метрлик монумент жасап жатам. Ал Анкара же Стамбул шаарына коюлат.

– Бөтөн жерде жашаганыңызга бир топ убакыт болуптур. Алардын маданиятында  бизге  окшош  жана бизден айырмаланган жактарын байкай алдыңызбы?

– Биз түрк тилдүү элдерден болгондуктан каада-салтыбызда, маданиятыбызда окшош жактарыбыз көп. Тарыхты алып карай турган болсок Орхон-Енисей мезгилинде бир эл болуп, кийин тарап кеткенибиз айтылат. Биз Орто Азия чөлкөмүндө калсак, түрктөр батышка кетип, батыштын маданиятынын таасири менен жашап калышкан. Биз, кыр-гыздар, өзүнүн маданиятын сактап калган эң эле уюткулуу, улуу, көчмөн элбиз. Архивдер-ге кайрылсак да түрк эли дегенге караганда, кыргыз эли тууралуу маалыматтар көп кездешет. Түрктөр өзүлөрү да биз Орто Азияда-гы кыргыздардан тараганбыз, биз бир элбиз деп айтышат. Кыргыз, казак, түркмөн, өзбек, түрктөрдүн түпкү ата теги бир. Андыктан тилибизде да, маданиятыбызда да окшош жактарыбыз бар.