Сүрөтчү Азамат ЖАНАЛИЕВ: «Стринг-Арт стилинде сүрөт тартуу ар кимдин эле колунан келе бербейт»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Азамат Жаналиев Стринг-Арт стилинде эң биринчи жолу атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тарткан. Андан кийин манасчы Саякбай Каралаевдин, Чечен Республикасынын биринчи президенти Ахмад Кадыровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын портреттерин жараткан.

– Азамат, сен жалаң президенттердин портреттерин тартып, аларды ээсине өз колуң менен тапшырып жүргөнүңдү билебиз. Кайсы бир өлкөгө барыш, ал жактын президентине жолугуш Кандай кыйынчылыктарды жаратат же алдын-ала баа-рын бышырып алып анан барып келесиңби?..

– Жок. Меники тескерисинче. Эч кимге айтпайм. “Мен баланча күнү барам, президенттин сүрөтүн тапшырам”,  –  деп  эч  кимге  жар салбайм.  Президенттик  пресс-службаларга  да  кат  жолдобойм. Өлкө башчылары өздөрүнүн портреттери тартылып жатканын билишпейт дагы. Картина качан даяр болгондо гана көтөрүп алып барам…

– Демек, сүрөттү чет өлкөгө барганда тартат турбайсыңбы?

– Ооба.

–  Кайсы президент өзүнүн сүрөтүн кубануу менен кабыл алды?

–  Монголиянын  президенти Халтмаагийн Баттулга абдан жакшы кабыл алган. Ал киши өзүнүн портретин  көргөндө  ушунчалык ыраазы болуп, кечки сый тамакка чакырып, чакан белегин берген.

–Ал эми кайсы президентке жолугуу ушунчалык кыйынга турду?

– Чынын айтсам, экс-президент Алмазбек Атамбаевге кирүү аябай кыйын болгон. Жолуккан да жокмун. Ушунчалык аракет кылдым. Бирок…

–Бир портретти тартып, аны ээсине берип келиш үчүн канча чыгым  жумшайсың?

–  Көп  эле  каражат  кетет. Мындан Дубайга барганда 25-30 миң АКШ доллар кетти. Анын баарын Элмурат жана Бабур деген мекенчил байкелерим көтөрдү. Андан сырткары, социалдык тармактардан:  “Мен  жол  чыгымдарыңды, же тамак ашыңды алып берейин”, –  деп  жазышат.  Дагы  бирөөлөр материалыңды мен алып берем дегендер болот. Учурдан пайдаланып, мага колдоо көрсөткөн бардык байкелериме ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.

–Материал демекчи, сенин сүрөтүңө канчанчы мыкты, канчанчы жипти колдоносуң?

– Кадимки эле дубалга каккан мыктарды  жана  40-жипти  колдоном. Башында чоң мыктардын жардамы менен тартып жүрчүмүн. Көч бара-бара түзөлөт дегендей болуп,  биринчи  сүрөтүм  менен 20-сүрөтүмдү салыштыра келгенде  асман  менен  жердей  айырма бар. Анткени, ар бир картинамды тарткан сайын тажрыйба топтоп, изденип, жаңыланууларды кошуп турам. Мисалы, мен жаңы эле таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун  сүрөтүн  тартып бүттүм. Мындай сүрөттүн үлгүсү (аналогу)  дүйнө  жүзү  боюнча эч  кимде,  эч  жерде  жок.  Эгерде демөөрчүлөр чыгып калса, Чыңгыз Айтматовду да кайрадан тартып чыкмакмын.

–Сринг-Арт стилинде 2 жылдан бери сүрөт тартып жүрөсүң, кызыгууң качан пайда болду эле?

– 2 жыл мурун кызыккам, дароо эле аракет кылып баштадым. Жыйынтыгы жаман эмес деп ойлойм.

–Ушул  стилде эмгек жаратуу сүрөтчүлүккө кызыккан ар бир адамдын колунан келеби?

– Ар бир эле сүрөтчүнүн колунан  келбеген  үчүн  бул  ыкма  менен  тарткан  сүрөтчүлөрдүн  саны  дүйнөдө  манжалап саналат.