«Айчүрөк” соода борборунда каза болгон жарандын өлүмүнө шектүү кармалды

«Айчүрөк” соода борборунда сатып алуучунун өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, шектүү 25 жашта Чүй облусунда төрөлгөн. Ал “Айчүрөк” (ЦУМ) соода борборунун сатуучусу. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске сала кетсек, буга чейин “Айчүрөк” соода борборунда эсин жоготкон сатып алуучу каза болгон. Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын денесинен тактар бар экени аныкталган. Буга байланыштуу видео изилденип, кылмыш иши козголгон.

One thought on “«Айчүрөк” соода борборунда каза болгон жарандын өлүмүнө шектүү кармалды

Комментарии закрыты.