Ч.Турсунбеков менен Азербайжан Улуттук межлисинин Төрагасы О.Асадов жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) иш сапарынын алкагында Азербайжан Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадов менен жолугушту (О.Асадов Кара деӊиз экономикалык кызматташтык уюмунун Стамбул шаарында уюштурулган саммитине катышып жүргөн). Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу жолугушууда эки мамлекет ортосундагы алакалардын азыркы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык, боордош элдердин достугуна көпүрө болорун белгиленди. Андан тышкары, ал түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы байланыштарды күчтөндүрүү керектигин да белгилеп, быйылкы жылдын июль айынын соӊунда Бишкекте өтчү ТүркПАнын кезектеги жыйынына Жогорку Кеӊеш даяр экендигин маалымдады.

Ал эми быйыл күздө өтө турган президенттик шайлоо тууралуу учкай кеп кылган Чыныбай Турсунбеков, Азербайжан парламентинин депутаттарын маанилүү саясий окуя эл аралык байкоочу катары катышып кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, ушу тапта Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Дамирбек Асылбек уулу менен Бахадыр Сулейманов бар